Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Украинадагы согуштун жүрүшүн өзгөрткөн HIMARS


HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык системасы.
HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык системасы.

Украин аскерлери 12-июлда баскынчылардын карамагындагы Новая Каховка шаарындагы курал-жабдык кампасына сокку урганын кабарлашты.

Орус тарап чабуулдан карапайым тургундар мерт болгонун билдирди. Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский өлкө түштүгүндөгү аймактарды орусиялык аскерлерден бошотууга тапшырма берген.

Соңку эки жумадан бери украин күчтөрү орус армиясынын курал-жабдык сактаган кампаларына сокку урууну күчөттү. Алардын басымдуу бөлүгү орус күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Украинанын аймактарында жайгашкан.

Эксперттердин пикиринде, америкалыктардын HIMARS деп аталган жогорку мобилдүү реактивдүү системалары согушта натыйжа бере баштады. Алардын алгачкылары Киевге 23-июнда келген.

Кошмо Штаттар жакында эле системалардын санын 12ге чейин жеткире турганын жарыялады.

Аскердик серепчи Сергей Грабскийдин пикиринде HIMARS жана ага окшош ракеталык системалар согуштун жүрүшүн өзгөртүшү мүмкүн.

"Эгер HIMARS менен орустардын "Смерч" же "Ураганын" салыштырсак, HIMARSтын бир жолку соккусу эле "Смерчтин" дивизионун жок кыла алат. Анткени бир дивизионду кайрадан октогонго кеминде бир саат кетет. HIMARS бир саатта беш-алты же андан көп сокку урууга ылайыкталган".

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрү берген артиллерия орус аскерлерине каршы согушта чоң натыйжа көрсөтө баштаганын 7-июлда билдирген.

HIMARS 80 чакырымга чейинки аралыкка сокку урууга жөндөмдүү. Ракета GPS менен мээленет. Бул системалардын Украинада пайда болушу орус армиясы үчүн олуттуу логистикалык көйгөйлөрдү жараткандай.

"Орусиянын аскердик жетекчилиги мындан ары кантип иш алып барышты элестете албай турат. Алар буга даяр эмес болчу. Өздөрүнүн кампаларын эми HIMARS же башка системалардан коргой алышпайт. Анын үстүнө курал-жабдыкты машине менен алып келүү логистикалык жактан кыйынчылык туудурат", - деди аскердик эксперт Сергей Грабский.

Вашингтондогу Согушту иликтөө институтунун маалыматына ылайык, Москва Лисичанскини курчап, Луганск облусун толук өз карамагына алганын жарыялагандан кийин ал жакта салгылашкан орусиялык аскер күчтөрү тыныгуу алган.

Айрым эксперттердин пикиринде буга курал-жабдыктын убагында келбей калганы да түрткү болушу мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлиги күн сайын берген отчетунда Украинадагы чет элдик курал-жабдык сакталган кампаларды жок кылганын кабарлап келет.

HIMARS - Батыш мамлекеттери Украинага убада кылган жалгыз кубаттуу система эмес. Франция Украинага CAESAR артиллериялык системасынан кеминде 12ни берди. Андан башка Германия, Британия, Норвегия жана Нидерланддар дагы артиллериялык системаларды берүүнү кылган.

Жакында эле Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн экономикасы үчүн чечкиндүү мааниге ээ аймактарды бошотууну аскерлерге тапшырган. Көп өтпөй украин аскерлери Херсон облусунун Ивановка айылынан баскынчыларды сүрүп чыгарышканын жарыялашты. Андан кийин 12-июлда ушул эле облуска караштуу Новая Каховка шаарындагы курал-жабдык кампасына сокку урганын кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, чабуулдан орусиялык армия 50дөн ашык аскеринен жана бир катар техникасынан айрылган.

Орусиянын ТАСС агенттиги украин армиясынын чабуулунан базар, оорукана жана карапайым тургундардын үйлөрү жабыркаганын билдирди.

Херсондун Кремл түзгөн администрациясынын жетекчиси Владимир Леонтьев чабуулду "террордук акт" деп атап, жети киши мерт кетип, сексен адам жараат алганын кошумчалады.

Эки тараптын тең билдирүүлөрүн бейтарап текшерүүгө мүмкүн эмес. Ал арада Часов Ярда орус армиясынын соккусунан мерт кеткен карапайым тургундардын саны өсүүдө.

12-июлда уранды алдынан табылган сөөктөрдүн саны 35ке жетти. Арасында тогуз жаштагы бала бар. Орус армиясы 9-июлдун кечинде урган ракеталык соккудан беш кабаттуу эки үй толугу менен урап калган. Куткаруучулар уранды алдынан тогуз кишини куткарышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG