Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Украинадан уурдалган эгин тартып бараткан кеме Түркияда кармалды


Казакстандык KTZ Express компаниясына таандык "Жибек Жолу" кемеси.
Казакстандык KTZ Express компаниясына таандык "Жибек Жолу" кемеси.

Киев Анкарадан орус армиясы көзөмөлдөгөн Бердянск портунан уурдалган эгин жүктөп бараткан казакстандык "Жибек Жолу" жүк ташуучу кемесин кармап, камакка алууну өтүндү. Украинанын Түркиядагы элчиси өткөн жумада түрк бажы кызматкерлери бул кемени кармаганын билдирген.

Элчи Василий Боднар Запорожье облусунун түштүгүндөгү орус армиясы көзөмөлдөгөн Бердянск портунан чыккан "Жибек Жолу" кемесин түрк бажы кызматкерлери Кара Деңиздеги Карасу шаарынын жээгинен кармаганын 1-июлда кабарлады.


"Биз толук кызматташуудабыз. Кеме азыр порттун кире беришинде турат. Аны Түркиянын бажы кызматы кармады", - деди украин элчиси жергиликтүү телеканалга берген маегинде.

Украинанын Башкы прокуратурасы 30-июнда "Жибек Жолу" кемеси Бердянскиден 4500 тоннага жакын эгинди мыйзамсыз жүктөп кеткенин жүйө кылып, Түркиянын Юстиция министрлигине расмий кат жөнөткөн. Анда Киев Анкарадан "кемени тыкыр текшерүүнү, соттук экспертиза үчүн дан азыктарын экспертизадан өткөрүүнү, эгин кайда турганы боюнча маалымат талап кылууну өтүнгөн.

30-июнда Украинанын Запорожье облусундагы Москва дайындаган администрациясынын башчысы Евгений Балицкий Телеграм-каналында кеме Бердянск портунан чыгып, “дос өлкөлөрдү” көздөй багыт алганын билдирди.

"Бир нече айдан бери иштебей турган Бердянск портунан алгачкы кеме чыгып кетти. Жүк ташуучу кеменин коопсуздугун Кара деңиз флотунун жана Новороссийск деңиз базасынын кемелери камсыз кылат. Бердянск портун минадан тазалоо да ушул база тарабынан камсыз кылынды".

Балицкий кемеге жети миң тонна эгин жүктөлгөнүн айтып, бирок "дос өлкөлөр" кимдер экенин тактаган эмес.

Ал эми түрк маалымат каражаттары эгин тарткан кеме жекшемби күнү жээктен бир чакырымдай алыста Түркиянын Карасу портунда токтоп турганын жазып чыкты.

Түркиянын Карасу портуна жакын жерде токтоп турган "Жибек Жолу" кемеси. 3-июль, 2022-жыл.
Түркиянын Карасу портуна жакын жерде токтоп турган "Жибек Жолу" кемеси. 3-июль, 2022-жыл.

Украинанын Анкарадагы элчиси Боднар кеме дүйшөмбүдө текшерилерин жана сүйлөшүүлөрдөн кийин анын тагдыры аныкталарын билдирди. Бирок түрк бийлиги "Жибек Жолу" тууралуу расмий маалымат бере элек.

Киев Кремлди украиндердин кампадагы эгинин уурдап, Түркия баш болгон өлкөлөргө саткан деп айыптайт. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

Казакстандык KTZ Express компаниясы "Жибек Жолу" кемеси аларга таандык экенин моюнга алды. Бирок алар кеме орусиялык Green Line компаниясына ижарага берилгенин, экипаж менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын кабарлады.

Kазакстандык компания тиешелүү тараптар менен байланышта болуп, бардык санкцияларга баш ийерин кошумчалаган.

Мевлүт Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 23-июндагы билдирүүсүндө Украина портторунда турган дан азыктары тууралуу айтып жатып, "биз украин товарларынын эл аралык базарда мыйзамсыз сатылышына каршыбыз, уруксат бербейбиз. Түркияда да уруксат берилбейт" деген.

Украин президенти Владимир Зеленский 20-июнда Африка биримдигине жолдогон видео кайрылуусунда Украина өз портторун Орусиянын деңиз флотунун блокадасынан бошотуу үчүн "татаал" сүйлөшүүлөргө катышып жатканын билдирген болчу.

Ал азырынча көп баскычтуу сүйлөшүүлөрдө жылыш жок экенин кошумчалап, дан азыктарына байланыштуу дүйнөдөгү каатчылык Орусиянын "оторчулук согушу" токтомоюнча уланышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Анын алдында Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Орусиянын Украинага дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын "чыныгы согуш кылмышы" деп атаган. Ал 20-июнда Люксембургда Еврошаркетке мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согуштан улам дүйнөнү, өзгөчө Африка мамлекеттерин ачарчылык тооруп турганын белгилеген.

Украина буудайжана башка дан азыктарын эң көп экспорттогон дүйнөдөгү беш мамлекеттин бири. 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан бери бул өлкөнүн Кара деңиздеги жана Азов деңизиндеги портторун бөгөттөп, Киевге дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей келет.

Орус президенти Владимир Путин дүйнөдөгү дан азыктарынын кымбатташына Москваны күнөөлөгөн билдирүүлөрдү четке каккан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG