Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

"Украинадан арзан келчү". Дары издеген бейтаптар


Дарыкана (иллюстрациялык сүрөт).

Кыргызстанда кант диабети менен ооругандар үчүн инсулин дарысынын тартыштыгы үч айдан бери уланууда. Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү тендердик процедуралардан улам дарыны алып келүү кечиккенин айтып, жакын арада келип каларына үмүт артууда.

Ал арада диабетиктер абалдан чыгуу үчүн чет өлкөдөн өз алдынча дары издеп, мүшкүл тартып жатат. Бейтаптар ооруканаларда акысыз берилүүчү башка дарылар да жетишсиз болуп, дарыгерлер аларды өз алдынча сатып келүүгө жөнөтүп жатканына даттанды.

Ноокат районунун тургуну Абдумуталип Исаев кант диабети менен ооруйт. Ал эң зарыл болгон инсулинди Ноокат жана Ош аймагынан бир нече айдан бери таппай жатканын айтты.

Абдумуталип Исаев
Абдумуталип Исаев

"Кант диабети менен ооругандар каттоодо турат. Ар айда көрүнөбүз. Алар акысыз инсулин жана шприц берет. Инсулинди бербегенине эки-үч ай болуп жатат. Балам Москвадан таап жөнөттү. Мен башкы дарыгерге кайрылдым. Ал башка дарыгерлерге айтса, "жок болсо биз кайдан алып беребиз?" деп жооп берди. Адамдар кантип таап жатат, билбейм. Ошто эжем жашайт, алар дагы жок деп жатышат. Эжеме дагы алдырган элем".

Абдумуталип Исаев 2-типтеги кант диабети менен ооругандыктан, аны таблетка түрүндөгү дарыга которушкан. Ал инсулинди жергиликтүү дарыканаларда 350 сомдон жашыруун сатып жатат деп укканын, бирок өзү издеп таппай койгонун кеп салды.

Кыргызстанда 74 810 киши кант диабети менен каттоодо турат. Акыркы эки жылда бул статистика 12 миңге көбөйгөн. Алар ай сайын инсулин алып турушат. Диабетиктер үчүн инсулиндин бир жылдык корун сатып алуу боюнча тендер март айында өткөн. Саламаттык сактоо министрлигинин адистери дары-дармек жадыбал боюнча июль айында Кыргызстанга келет деп турушат.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери Наталья Добрынина мартта сатып алынган инсулин Кыргызстанга июль айынын башында келип калат деп үмүттөнүүдө.

Наталья Добрынина
Наталья Добрынина

"Бул жылы биз 192 млн. сомго тендер өткөрдүк. Бул акыркы жылдардын ичинде инсулин сатып алууга бөлүнгөн максималдуу каражат. Инсулин дайындалган бейтаптардын саны кескин өсүп кетпесе эле сатып алынган кор бир жылга жетет деп ойлойм. 2020-жылы 2021-жылдын эсебинен карыз алган болчубуз, ошондуктан 2021-жылы каржылоо болгон жок. Новорапид, левемир, ийнелер, шприц-ручкалар бизге келип жетти. Инсулиндин картриждик формалары келгени турат. Июлда протафанды жеткирүүгө даярдашат. Биринчи типтеги бейтаптарга жок дегенде картриждик формадагы инсулинди бергенге аракет кылабыз. Негизи көп аймактарда актрапид бар, протафан түгөнгөн жерлерде ага которуп жатышат".

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун коомдук кеңешинин төрайымы Чынара Бакирова өкмөттүн тизмесиндеги кайсы бир дары-дармектин жетишсиздиги үчүн ошол аймактын саламаттык сактоо мекемесинин жетекчилери жооптуу деп эсептейт.

Чынара Бакирова
Чынара Бакирова

"Бюджетти ММКФ толугу менен берет. Кандай сураса, ошону өкмөттөн бекиттирип алып берет. Квартал сайын бөлүп, бир жыл алдыга бекиттирет. Эгерде кайсы бир жерде дары-дармек жетпей жаткан болсо – бул ошол жердин чоңунун, башкы дарыгеринин жоопкерчилигинде. Туура эмес пландаштырган, убагында сатып албаган, балким, өтө эле кымбат дары сатып алгандан кийин бюджетинде тартыштык болуп калган. Бүт эле ошол жетекчилердин моюнунда".

Улуттук хирургия борборунун директорунун клиникалык дарылоо боюнча орун басары Асанбек Сыдыгалиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун берген каражаты саламаттык сактоо мекемелеринде кандай иштетилерин түшүндүрдү.

Асанбек Сыдыгалиев
Асанбек Сыдыгалиев

"Жашоого өтө зарыл дары-дармектердин тизмеси бар да. Алар болот, алардан сырткары дарылар жок болуп калат. Айла жок саттырып алабыз. Эмне кылабыз анан? Аны бербей койсоң жүрөк жетишсиздиги болуп, андан кыйналып калышы ыктымал, өпкөсүнө дагы кошумча дары дайындалышы мүмкүн. Оорулардын түрү көп да. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду акчасын гана берет. 98-100 миллионбу - ошол акчаны ММКФ бизге бөлүп берет. Анын ичинен дары аласыңбы же маянага бересиңби, ошону эсептейт. Биздики 80% эле маянага кетип калат. Анын ичинен коммуналдык кызматка төлөшүбүз керек, антпесе өчүрүп таштабайбы. Электр жарыгы жок болуп калат, жылуулук, жылуу суу, муздак суу, таштандыны алып кетиш керек, кир жуудуруш керек. Акчанын баары ошого бөлүнөт".

Өлкөнүн дарыканаларында дары-дармек тартыштыгы жаралып, баа өсүп жатат деген даттануулар да көп айтылып келет.

Бишкек шаарындагы дарыканаларды сурамжылоодо "Неман" жана "Борбордук" дарыканаларынын сатуучулары дары-дармектердин жетишсиздиги жок экенин, кымбаттоо болбогонун билдиришти.

"Акыркы кездери баа түшүп жатат. Дароо эмес, бирок акырындап арзандоодо. Өзгөрүүлөр боло элек, ошондой эле баа. Баалары ар бир партияныкы бөлөк-бөлөк болуп келиши мүмкүн. Азырынча бизде ошондой эле баалар".

Кыргызстандын фармацевтикалык бирлигинин төрагасы Эрнис Асанов согуштан улам Украинадан келчү дарылар токтоп калганын, бирок анын ордун Орусия, Кытай, Түркия өңдүү башка өлкөлөр менен алмаштырып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, Кыргызстанда баалардын өсүшү сезилип жатканы менен дары-дармектин курч таңкыстыгы байкала элек.

Эрнис Асанов
Эрнис Асанов

"Көбүнчө Украинадан келе турган дарылар жок болуп жатат. Аналгетик, катуу ооруганда колдонуучу наркотикалык дарылар Украинада арзан болуп, ошол жактан келчү. Ошолор келбей калып, азыр келишимдерди башка жакка буруп, Орусиядан, Түркиядан, Кытайдан алып келип атабыз. Буюрса, андай деле жетишсиздик жок. Бир аз бар эми, бирок анча эмес. Мындай дефектура болуп келген, дайым эле баарын камсыз кылыш кыйын го. Бааны заводдордо көтөрүп атат. Анткени, аларда да логистика кыйын болууда. Алар субстанцияларды алып келип, дары чыгара турган дагы көп каражаттарды колдонот да. Ошолорду алып келүү да кымбатка түшүп, дарылардын баасы көтөрүлүп жатат. Баа анча көтөрүлүп, өтө кымбаттап кеткен деле жери жок. Өтө деле таңкыстык байкала элек".

Өтө зарыл дары-дармектердин тизмеси акыркы жолу 2018-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Тизмеде жүрөк-кан тамыр, өпкө, онкологиялык, инфекциялык жана башка илдеттерге каршы 432 дары бар.

2020-жылы пандемия учурунда тизмеге кирген дары-дармектерди өлкөгө каттоосуз киргизүүгө уруксат берилген. Фармацевтикалык компаниялар өкмөткө ошол каттоосуз киргизүү маселесин узартуу же каттоо процедурасын жеңилдетүү өтүнүчүн жолдогон. Фармацевтикалык бирликтин төрагасы Эрнис Асановдун айтымында, учурда Министрлер кабинети бул чечимди карап жатат.

"Өтө керектүү дарылардын тизмеси бүгүн өкмөттө каралмак. Андагы дары-дармектерди каттоосуз алып кирүүгө уруксат берилчү. Аны узартабы же узартпайбы белгисиз. Эгер аны бүгүн кабыл албай, токтотсо, анда билбейм кандай болот. Кол коюлса, анда көп эле мамлекеттерден ташып келгенге мүмкүнчүлүк болот. Кол коюлбаса, анда каттоодон өткөргөнгө аракет кылыш керек. Же болбосо мамлекет өтө эле тартыш болуп аткан дарылардын тизмесин чыгарып берсе, жеңилирээк болот эле".

Өкмөттөн маалым болгондой, жашоого өтө зарыл дары-дармектерди өлкөгө каттоосуз алып кирүүгө берилген уруксат дагы алты айга узартылды. Бул жөнүндө 24-июнда Министрлер кабинетинин токтому чыкты.

Чынара Бакирова өтө зарыл дары-дармектердин тизмеси так көрсөтүп турганына карабай, саламаттык сактоо мекемелериндеги адамдык фактордун айынан дары-дармек көйгөйү болуп келерин айтат.

"Жашоого өтө зарыл тизменин биринчи-экинчи бөлүмдөрүндө критерийлер жазылган. Мисалы, камсыздоосу бар адамга, 70тен ашкан адамдарга, I-II топтогу майыптарга берилет. Критерийде ар бири оору менен жазылып калган, ошо менен караштырат. Тизме абдан жакшы, таза, ачык-айкын жазылган. Солго да, оңго да жыла албайсың. Анткени, сатып алып, буюртма бергенде жетекчилер кыйналбай, коррупцияга кирип кетпей, максат менен жазылган. Бирок, адамдык фактор деп коет. Кээ бирде жетекчилер шалаакылык кылат, кээ бирде, балким, колтукка бирөө суу бүркөбү, ар кандай иштер болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан же толук эмес алып калышат, же өздөрүнүн башка бир чыгымдарына жумшап ийип дары-дармекке акча жетпей калган учурлар бар, жок эмес. Көп эле жерде бар".

Дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо департаментинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга дары-дармек 30дан ашык мамлекеттен импорттолот.

2021-жылы негизги импорттоочу Орусия болчу, анын үлүшү 15% түзөт. Андан кийин Индия, Германия, Түркия, Словения, Польша, Украина, Франция жана Беларус турат. 2022-жылы Кыргызстандын дары-дармек импортунда Түркиянын өндүрүшү алдыңкы орунга чыгып, Орусия экинчи орунга түштү.

Кыргызстанга чет өлкөдөн 300дөн ашуун фармацевтикалык компаниялар дары-дармек ташыйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG