Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Башкы прокуратура: дары сатып алууда бюджетке 4,5 млн. сом зыян келтирилген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди сатып алууда бюджетке 4 млн. 508 миң сом зыян келтиргенин кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, министрликке караштуу Улуттук госпиталдын кызмат адамдары былтыр май-ноябрь айларында иммуносупрессивдүү дарыларды жогорулатылган баада сатып алуу үчүн сынактын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарган.

Башкы көзөмөл органы “Ю.Х.” деген компания тендердин жеңүүчүсү деп табылып, ишкана менен 41,1 млн. сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча пайдасыз келишим түзүлгөнүн, андан казынага 4 млн. 508 миң сом зыян келтирилгенин билдирди.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгоду. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтетти. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесинен жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG