Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:26

Ноокат: 450 миң сом каракчылык кылгандарды издөө уланууда


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Ош облусунун Ноокат районунда ири суммада каракчылык кылгандарды издөө боюнча “Чагылган” атайын операциясы уланууда. Бул тууралуу 6-июнда “Азаттык” радиосуна Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 5-июнда Ноокат шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон, “Нексия” машинасын айдап жүргөн үч киши 30 жаштагы жергиликтүү тургунга кол салып, 60 миллион өзбек суму (кыргыз сомуна которгондо 450 миң сом) салынган баштыгын карактап алып кетишкен:

“Шектүүлөрдүн тышкы келбети, көрүнүшү тууралуу жалпы республика боюнча укук тартибин коргоо органдарына атайын багыттама жөнөтүлгөн. Каракчылык кылган учурда кийип жүргөн кийимдери табылды. Азыр өздөрүн табуу боюнча иштер жүрүп жатат”.

Акчасын алдырган киши менен кошо ошол учурда жолдо “Тойота” машинасында өзүнчө кетип бараткан дагы бир киши жабыркаган. Кылмышкерлер экөөнө тең бутуна атып, качып кетишкен. Аширбаевдин айтымында, алардын абалы жакшы, бүгүн дарыгерлер операция жасап, окторду алышат.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде козголуп, тергөө жүрүп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG