Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Шаардык сот Болот Темировдун өтүнүчүн канааттандырган жок


Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иши боюнча Бишкек шаардык соту анын мамлекеттик айыптоочулар келтирген далилдерди, милициянын сурак протоколдорун жокко чыгаруу өтүнүчүн​ канааттандырган жок.

Журналист жана жактоочусу милиция кызматкерлери Темировду кармаган учурда баңгизат табылганы камерага түшпөй калганын, баңгизатты укук коргоо кызматкерлери салып койгон деп эсептешет.

“Сот болгону беш мүнөт ичинде чечим чыгарып койду. Бул аралыкта чечимди жазганга да жетишүү кыйын. Чечимди алдын ала даярдап коюп, судья аны окуп эле берди деген пикир жаралды. Эми негизги соттук олтурумга даярданабыз”,-деп Болот Темиров Фейсбукка жазды.

Шаардык сот бул чечим боюнча билдирүү жасай элек.

18-майда бул өтүнүч Свердлов райондук сотунда да каралып, канааттандыруусуз калтырылган.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG