Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Казакстанга жөнөтүлгөн кыргыз аскерлеринин маянасы төлөнгөнү айтылды


Кыргызстандык тынчтык орнотуучу аскерлер тобу.
Кыргызстандык тынчтык орнотуучу аскерлер тобу.

Казакстандагы Январь окуялары учурунда тынчтык орнотуучу катары жөнөтүлгөн кыргызстандык аскерлердин тийиштүү маянасы төлөнүп берилди. Бул тууралуу 6-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, Казакстанга 151 жоокер жөнөтүлгөн, алардын акчасын төлөө маселеси мыйзамда тийиштүү берене каралбаганына байланыштуу кечеңдеген:

“Ошолорго жөлөкпулун төлөп бергенге бизде мыйзам түрүндө берене жок экен да. Ушуга чейин кармап келип, бир ай болду, ошону азыр төлөп бере алдык”.

Бир ай мурда жоокерлердин өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, күжүрмөн тапшырма үчүн бекитилген эмгек акысын ала албай жатканын билдиришкен.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстан 7-январда Алматыга жоокерлерин жөнөткөн жана алар аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири болгон Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарышкан.

Жалпысынан Казакстанга ЖККУнун 2 миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барып, кийин толук чыгарылган.

Казакстанда газдын баасын төмөндөтүү талабы менен башталган тынч митингдер кийин башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Бийлик өлкөгө террордук чабуул жасалганын айтып, ЖККУдан жардам сураган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG