Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Алматыда шайлоочулардын 32 пайызы гана референдумга катышты


Алматыдагы добушканалардын бири, 5-июнь 2022-жыл.
Алматыдагы добушканалардын бири, 5-июнь 2022-жыл.

Казакстандын көпчүлүк аймактарында президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум аяктады. Кечки саат 20:00гө алынган маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда бүткүл республика боюнча шайлоочулардын 67,65 пайызы добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Эрман добуш берүү уланып жаткан Казакстандын батыш тарабындагы дагы беш региондон маалымат күтүп жатышканын айтты.

Добуш берүү аяктаган аймактардын ичинен референдумга Алматы шаарындагы шайлоочулар эң аз катышты. Казакстандын эң ири шаарында жалпы шайлоочулардын 32,25 пайызы гана добуш берди. Шайлоочулардын активдүүлүгү Түркстан облусунда (80,66%) жана Чыгыш Казакстан облусунда (77,49%) байкалды.

Бийлик бул өзгөртүүлөр менен Казакстан супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн билдирип жатат. Көз карандысыз байкоочулар жана активисттер Баш мыйзамга киргизилип жаткан толуктоолорду "реформа" деп атоого болбой турганын, бийлик бул референдум аркылуу алдыдагы президенттик шайлоого гана даярданып жатканын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG