Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Токаев чет өлкөгө чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча комиссия түздү


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча мекемелер аралык комиссия түздү. Бийлик бул маалыматты 5-июнда Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жаткан кезде таратты.

Акордо түшүндүргөндөй, башкы прокурор жетекчилик кыла турган комиссия казак жарандары чет өлкөгө чыгарып кеткен акчаны кайтарып келүү боюнча "комплекстүү жумуштарды" жүргүзөт.

Токаев өкмөттүн февраль айындагы жыйынында да чет жакка чыгарылып кеткен каражаттар тууралуу сөз кылганы менен ким канча акчаны өлкөдөн алып чыкканын тактаган эмес. Андан бир нече күн мурда казак парламентине "Ак жол" партиясынан шайланган депутат Максат Раманкулов Tax justice network уюмуна шилтеме кылып, соңку 25 жыл ичинде Казакстандан 140-160 миллиард доллар офшорго чыгарылып кеткенин айткан. Айрым серепчилер бул каражаттын көлөмү мындан алда канча көп экенин белгилеп келишет.

5-июнда Казакстандын көпчүлүк аймактарында Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум аяктады. Жекшембиде кечки саат 18:00го карата жалпы шайлоочулардын 65 пайызы добуш берди.

Бийлик бул өзгөртүүлөр менен Казакстан супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн билдирип жатат. Көз карандысыз байкоочулар жана активисттер Баш мыйзамга киргизилип жаткан толуктоолорду "реформа" деп атоого болбой турганын, бийлик бул референдум аркылуу алдыдагы президенттик шайлоого гана даярданып жатканын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG