Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Маймыл чечеги Африкадан башка 27 өлкөдө катталды


Маймыл чечегине анализ алган айнек идиштер.
Маймыл чечегине анализ алган айнек идиштер.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечеги Африкадагы мамлекеттерден башка 27 өлкөдө катталганын билдирди. Уюмдун 5-июндагы маалыматына ылайык, бул өлкөлөрдө илдетти жугузуп алган кишилердин саны 780ге жетти.

Алардын 207си Улуу Британияда, 156сы Испанияда, 138и Португалияда, 58и Канадада жана 57си Германияда аныкталды. Бул илдетке байланыштуу адам өлүмү каттала элек.

Маймыл чечеги көбүнесе Африка өлкөлөрүнө мүнөздүү. Соңку бир канча аптадан бери бул илдет Батыштын бир нече мамлекетинде катталып, тынчсызданууга жол ачты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечеги коомдун саламаттыгына "орточо деңгээлдеги" тобокелчилик жаратып жатканын, эгер илдет дагы көбүрөөк адамга жуга турган болсо, анда тобокелчилик жогорулай турганын эскертти.

Маймыл чечегинин белгилери кадимки чечек оорусунукуна окшош. Илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, бездери чочуп, алы кетиши мүмкүн. Андан кийин бетинде бүдүр пайда болуп, бара-бара денесинин башка жерлерине жайылышы ыктымал. Маалыматка караганда, бул дарттан көз жумгандардын пайыздык көрсөткүчү төмөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG