Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Чек ара: октон жарадар болгон аскерлердин бири жандандыруу бөлүмүндө


Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон жоокерди дарылоо учуру. 4-июнь, 2022.
Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон жоокерди дарылоо учуру. 4-июнь, 2022.

3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жараат алган эки жоокердин абалы туруктуу. Бул тууралуу 6-июнда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан аскерлердин бири дагы деле жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Жараат алган эки чек арачы 4-июнда Баткенден тик учак менен Бишкекке жеткирилген.

Башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган 21 жаштагы жоокер нейротравма бөлүмүнө жаткырылган. Ал эсинде экени, абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалап жатышканы айтылган.

Октон баш сөөгү, моюну, төш сөөгү, ийини, кежигеси, далысыжабыркаган, мээси чайкалган 22 жаштагы жоокердин абалы оор, ага операция жасалган.

3-июнда Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кыргыз тарап кабарлаган. Чек ара кызматы алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарбаганын, алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу болгонун, кийин тажик тарап аскердик оор техникасын тартканын кабарлаган. Бир нече сааттан кийин ок атышуу токтогон. Эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилери жолугуп, кошумча аскердик күчтөрүн чыгарып кетүүнү жана маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү макулдашкан.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG