Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-июнда өлкө чыгышындагы Лисичанск жана Соледар шаарларына барганын видеокайрылуусунда билдирди. Ал ошол жакта орус армиясына каршы күрөшүп жаткан жоокерлер менен жолукканын айтты.
Лисичанск - Северодонецкке танапташ жайгашкан шаар, Соледар - Северодонецк менен Лисичанск шаарларын Украина көзөмөлдөгөн негизги аймак менен байланыштырып турган жолдо жайгашкан шаар.
Зеленский аскерлер менен жолугуп, фронттогу абал жана материалдык-техникалык камсыздоо тууралуу сүйлөшкөнү, айрымдарына сыйлык тапшырганы кабарланды.
Бул күнү Украинанын борбору Киев Орусиянын ракеталык аткылоосуна кабылды. Орусия бул өлкөгө 24-февралда кол салган. (RK)