Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Рафаэль Надаль Франциянын ачык чемпионатын 14-жолу утту


Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль.
Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль.

Жекшембиде испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль Франциянын ачык чемпионатынын финалында норвегиялык теннисчи Каспер Руудду (6:3, 6:3, 6:0 эсебинде) жеңип алды. Муну менен 36 жаштагы Надаль теннисттин тарыхында эң көп "чоң шлемге" (22) ээ болгон жана Франциянын ачык чемпионатын эң көп (14 жолу) уткан спортчу болуп калды.

"Чоң шлемдердин" саны боюнча Надалдан кийинки экинчи сапта швейцариялык Роджер Федерер жана сербиялык Новак Жокович турат. Эки теннисчинин эсебинде 20дан "чоң шлем" бар.

Быйыл Франциянын ачык чемпионатында аялдар арасындагы "чоң шлемге" польшалык Ига Свёнтек ээ болду. Ал 4-июндагы финалда америкалык Коко Гауффту жеңип алды.

Теннистеги төрт "чоң шлем" чемпионатынын бири саналган Франциянын ачык мелдешинде эркек жана аял теннисчилер арасында чемпион болгондордун ар бирине 2,2 миллион евродон берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG