Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Алымкадыр Бейшеналиевдин адвокаты ага жолуга албай жатканын айтууда


Алымкадыр Бейшеналиев. Архивдик сүрөт.
Алымкадыр Бейшеналиев. Архивдик сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин адвокаты аны менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтууда. Бүгүн 3-июнда "Азаттык" радиосуна адвокат Кайсын Абакиров билдиргендей, Бейшеналиев кайсы мекемеде кармалып турганы да белгисиз болууда, анын бөгөт чарасы сотто бүгүн-эртең каралышы керек.

Жактоочунун айтымында, Башкы прокуратура ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) десе, УКМК Башкы прокуратурада деген жообун берип жатышат.

Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура 2-июнда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде козголду.

Ушул эле күнү, Башкы прокуратура билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга шектелип кармалды. Алар - министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков. Алардын жактоочулары азырынча маалымат бере элек. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG