Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Саламаттык сактоо министрлигинин үч жетекчи кызматкери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын 2-июнда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жемкорлук фактысы COVID-19га каршы вакцина сатып алууда орун алган.

Министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалды.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. (RK)

​
XS
SM
MD
LG