Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

“Алтын тамга” сынагы боюнча айрым ата-энелер нааразы болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынан өтпөй калган айрым окуучулардын ата-энелери сынакка нааразы болуп жатышат. Атын атагысы келбеген бир нече ата-эне балдарын кайрадан тест тапшыртууга министрликке барганын кабарлашты. Алардын айтымында, сынактын суроолору түшүнүксүз болуп калгандыктан көпчүлүк окуучу өтө албай калды.

Билим берүү жана илим министрлиги айрым окуучулар кайрадан тест тапшырып жатканын тастыктады. Мекеме кайра тапшыруунун жыйынтыгы менен толук маалымат берилерин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, сексенге жакын окуучу “Алтын тамга” сынагын ийгиликтүү тапшырды.

31-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүлгөн. Министрлик быйыл өзгөчө үлгүдөгү (артыкчылык) сертификат алуу үчүн 2232 бүтүрүүчү ат салышып жатканын маалымдаган. Алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары.

Бүтүрүүчүлөр математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча сынак тапшырды.

"Алтын тамга" тести 11-классты жалаң 5 деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулат. Жеңүүчүлөргө сыйлык жана артыкчылык күбөлүгү тапшырылат.

2020-жылы “Алтын Тамга” сынагына катышкан 1250 талапкердин ичинен 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына татыктуу экендигин далилдеген. 2020-жылдагы окуучулардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 52 окуучуга көп “Алтын тамга” сынагынан ийгиликтүү өткөн.

Кыргызстан 2021-жылы окуу жылынын жаңы форматына өткөн – окуу 15-сентябрда башталып, июндун ортосунда аяктайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG