Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Токмокто окуучу кызга чагылган тийип, каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаарында 2-июнда кызга чагылган тийип каза болду. Чагылган дагы эки окуучуга тийген, учурда алар ооруканада. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады. Ооруканадагы балдардын абалы туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинен окуянын чоо-жайы кенен айтылган жок.

Кыргызстанда чагылган тийип каза болгон учурлар катталып турат. Өткөн жылы июль айында Оштун Кара-Суу районунан 13 жашар бала каза болгон. Ага чейин май айында Ысык-Көл облусунда 25 жаштагы жигит мал кайтарып жүргөндө чагылган уруп каза болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG