Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Мыйзамсыз курулган 142 миңдей үй-пайдубалга жер мунапысы берилгени жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жер мунапысы бир жолку гана өнөктүк болот, анын алкагында жалпысынан мыйзамсыз өз алдынча курулган 142 миң үй жана пайдубал мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу 3-июнда «Биринчи радионун» эфиринде айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди.

Шериповдун айтымында, алардын 127 миңден ашыгы үй, 15 миңдейи пайдубал:

“Биринчиси – мыйзамсыз өз алдынча курулган үйлөр. Экинчиден – 2009-жылга чейин өз алдынча башкаруу органынын токтому бар жер тилкелери. Үчүнчүдөн – айыл чарба багытындагы 5-10-15 соткага бөлүнүп кеткен, 2010-2015-жылдары айыл чарба багытындагы мамлекеттик актысы бар жер тилкелери. Төртүнчүдөн – айыл чарбасына жараксыз жерлер. Бешинчиден – дачалар”.

Жер мунапысын 40 район, 20 шаарда уюшулуп жаткан 60ка жакын комиссия ишке ашырат.

Өнөктүккө эки жылдык мөөнөт берилди.

Шерипов белгилегендей, чоң электр зымдары же газ түтүктөрү өткөн жердин жана көрүстөн, санитардык полигондун жанында жайгашкан үй-пайдубалдарга мунапыс берилбейт.

«Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам быйыл апрель айында кабыл алынган. Анын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо экени белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG