Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

«Кыйноого каршы коалиция» акысыз кеңеш берүү акциясын өткөрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыйноолорго каршы коалиция» уюму акысыз юридикалык кеңеш декадасын баштады. Уюмдун маалыматына караганда, 1-июнда башталган маалымат өнөктүгү 26-июнга чейин уланат.

Акция алкагында юристтер эки шаарда – Бишкекте жана Жалал-Абадда иштешет. Бишкекте квалификациялуу юристтер жана адвокаттар “Азия молл” соода борборунун алдындагы аянтчада кеңештери менен бөлүшүп, маалымат беришет. Ал эми Жалал-Абад шаарында коалициянын мүчѳсү, Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун юристтери жана адвокаттары кеңеш беришет.

Жыл сайын дүйнө жүзү 26-июнда Кыйноолордун курмандыктарын колдоо боюнча эл аралык күндү белгилешет. Бул күн кыйноолор адамзатка каршы кылмыш экендигин эскертүү максатын көздөйт.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.

Ал эми жай турмушта зордук-зомбулукка көбүнчө балдар жана аялдар туш болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG