Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Бишкектеги кампадан чыккан өрттө дары-дармектер күйүп кетти


Өрттү өчүрүү учуру. 22-июнь, 2022.
Өрттү өчүрүү учуру. 22-июнь, 2022.

Бишкектин четиндеги кампалардын биринде 22-июнда ири өрт катталып, анда сакталып турган Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) дары-дармек, медициналык каражаттары дагы күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламүдүн районундагы Пригородный айылынын Садовая көчөсүндөгү кампадан өрт чыккан. Отту өчүрүүгө министрликтен жети бөлүм тартылган. Кампада күнүмдүк колдонулуучу антисептик, косметика жана дары-дармектер сакталган. Өрт чыккан кампанын аянты болжол менен 1500 чарчы метр болгон. Тилсиз жоо саат 14:04тө толук өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

БУУӨП тилсиз жоодон жабыркагандар жок экенин билдиришти, бирок өрт ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүү боюнча улуттук программалардын алкагында өлкөгө алынып келинген дары-дармектердин күйүп кеткенин ырстады.


БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанды ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүүдө колдоп келет. Уюм жыл сайын ооруну алдын алуу, дартты аныктоо, дарылоо багытында жардам берет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG