Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Кара-Балтада аялды мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт. Татьяна Зеленскаянын картинасынан.
Иллюстрациялык сүрөт. Татьяна Зеленскаянын картинасынан.

Кара-Балтада жарандык никедеги аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кылмышка шек саналып, 1976-жылы туулган К.Н. аттуу жаран Жалал-Абад облусунда жашырынып жүргөн жеринен колго түшкөн.

Тергөөнүн алдын ала версиясына ылайык, кылмыш кызганычтан улам жасалган. Изин жашыруу максатында аялдын башын кесип, сөөктөн 200 метр алыс аралыкка көөмп салган.

Милиция шектүү күнөөсүн толук моюнуна алып, башты көмгөн жерди көрсөтүп бергенин билдирди.

Ал Жайыл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Чүй милициясы 22-июнда Кара-Балта шаарында башы кесилген аялдын сөөгү табылганын кабарлаган. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун тек-жайы аныкталып, ал А.А. аттуу 47 жаштагы аял экени такталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен катталган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден түшкөн эмес.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн.

21-июнда Баткен облустук милициясы Кадамжай районунун тургуну аялын бычактап, андан кийин асынып алганы тууралуу маалымат тараткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG