Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Коомдук жай, имараттарга видеокамера орнотуу каралган мыйзамга кол коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 22-июнда “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш бул документти 11-майда кабыл алган.

“Мыйзам өлкөнүн бардык аймактарында видеокамералар менен жабдылган юридикалык жана жеке жактарга иш алып барган объекттерге тиешелүү. Бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү бийликтин сунушу менен видеокамера орнотулушу керек деген уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин тизмесин бекитет”,-деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстанда “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамы алгая 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык коомдук жайларды (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор жана башка), өнөр жай, өндүрүш имараттарын, курулуштарды, ошондой эле машине токтоткон жайларды, кооперативдик гараждарды сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдуу жол-жобосу каралган.

XS
SM
MD
LG