Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Эл үнү: Инсулин жана бала бакча көздөн учту


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Инсулин издеген ноокаттык бейтап. Кызына документ ала албай жаткан эне. Түп районундагы бала бакчага зар айылдын тургундары президенттен жардам сурады.

"Үч-төрт айдан бери инсулин жок"

Ноокат шаарынын тургуну Абдумуталип Исаев райондо кант диабети илдетине чалдыккандарга үч айдан бери инсулин жок болуп жатканын айтууда.

“Кант диабети менен төрт жылдан бери алышып келем. Үч-төрт айдан бери дары тартыш болуп жатат. Соңку айда эч кандай дары берилбей калгандыктан дарыгерлерге кирсем, качан келери белгисиз дейт. Биз өлүп калгандан кийин алып келишеби? Жок дегенде инсулин сатылган жеке тараптар тууралуу да маалымат бербей жатат. Акчабызга да болсо алалы деп издеп таппай жатабыз”.

Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраевага кайрылганыбызда, инсулин тартыштыгын дарыны сатып алуу боюнча тендердин кечигип өткөнүнө байланыштырды. Инсулин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көмөгү менен июнь айынын ичинде келерин билдирди.

“Финансы министрлиги акчаны кечиктирип берди. Ага кошумча Украинадагы кырдаалдан улам валюта олку-солку болуп, тендер да өтпөй калды. Тендердин шарттарын карап чыгып, экинчи ирет өткөрүүгө туура келди. Азыр эми бардык документтерге кол коюлуп, инсулинге буюртма берилди. Башка дарылардан айырмаланып инсулинди даярдоо үчүн үч-төрт ай кетет. Бирок биз дары тартыштыгын эске алып, эл аралык уюмдарга кайрылганбыз. Ушул күндөрү жардам иретинде "протафан" дарысын күтүүдөбүз. Ал келиши менен эле аймактарга таратабыз.

Ибраева министрликтин адистери жүргүзгөн анализге ылайык, кээ бир райондордо инсулин жетиштүү деңгээлде бар экенин билдирди. Учурда бир райондон экинчисине бөлүштүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

"Жер-жерлердеги дарыгерлер бейтаптарга “инсулин жок” деп эле эч нерсе түшүндүрбөй, кетирип жатканын угуп жатабыз. Мисалы, бейтапты деле башка дарыларга которуп, оорусун жеңилдетип турууга болот да. Бул маселе боюнча аймактардагы жетекчилерди көзөмөлгө алуусун суранып жатабыз. Мындан улам кант диабети менен ооруган адамдарга эскертип кетебиз. Каттоого турган эмканалардан улам тактап сурап туруу зарыл", - деди Ибраева.

“Кант диабети” тууралуу мыйзамга ылайык, өлкөдө инсулиндин запасы жарым жылга жеткидей турушу зарыл. Мамлекет кепилдеген программага ылайык, инсулин бейтаптарга акысыз берилет.

2021-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда кант диабети менен каттоого алынгандардын саны 72 миңден ашкан.

"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

"Кызыма күбөлүк алуу кыйын болууда"
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:43 0:00

"Аттестат алчу кызыма метрика бербей жатышат"

Кара-Кулжа районундагы Түшүнүк айылынын тургуну Аида Ташматова 16 жашка чыккан кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алалбай жатканын айтып кайрылды. Ал бюрократиялык иштердин айынан мектепти бүтүрүп жаткан кызы аттестат алуу укугунан ажырап жатат дейт.

“Ушул жылдын февраль айынан бери кызыма туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып бере албай койдум. Ал 11-классты аяктап жатат. Мурдагы метрикасы жасалма болуп калган деп ушул машакат башталды. Жасалма болсо, демек өздөрү жасап берген да. Паспорт бөлүмүнүн мурдагы башчысына иш козгошту. Соттук териштирүү болду. Иши кылып создугуп эле келе жатат. Ал арада кызыма ЖРТга киргенге тоскоолдук болду. Аттестат алышы керек. Ушул мезгилге чейин мурдагы метрикасы менен эле окуп келген. Айланып келип эле күнөөлүү биз болуп калып жатабыз. Куду метриканы биз өзүбүз үйүбүздө жасап алгансып. Тергөөчү кыз деле ишти создуктуруп жаткандай”.

Бул кайрылуу боюнча Кара-Кулжа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы Жыпара Жалалова түшүндүрмө берди. Анда өздүгүн аныктаган документтердеги мындай алешемдиктер негизинен жарандардын туура эмес маалымат бергенине байланыштуу экенин айтты. Адис ата-энелерди балдарына документ алаардан мурда юристтен кеңеш алууну сунуш кылды.

“Аида Ташматованын кызы Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Бул кыздын өзүнүн атасынын аты Разак. Бул жубайларда нике күбөлүгү жок болгондуктан, кыз энесинин фамилиясын алган. Кийинчерээк ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде аталыгы аныкталып, бул кызга Разак кызы деп күбөлүк берилген. Алар ажырашып кеткен соң кыздын апасы Кара-Кулжа районуна башка адамга турмушка чыгат. Ошол мезгилдеги Кара-Кулжа паспорт бөлүмүнүн башчысына туура эмес маалымат берип, кызын ошол экинчи күйөөсүнүн фамилиясына өткөрүп алат. Бирок жол-жобо боюнча күбөлүк толук берилиши үчүн кыз төрөлгөн районго атасын аныктоо үчүн тактама жиберилет. Ошондо Аиданын кызына мурда эле башка фамилияда күбөлүк берилгени ачыкка чыгып калып, экинчи жолу күбөлүк берилбей калган. Бул мыйзам бузуу болуп калат. Ошондон бери булар документти оңдотууну токтотуп коюшуп, ушул жылга чейин жүрө беришкен. Быйыл аттестат аларда кайрадан зарылчылык жаралып жатат.

Мен бул үй-бүлөгө кеңешимди жыл башында эле бергем. Азыр алар сотко кайрылып, Кара-Кулжа районундагы аталыкты аныктоо боюнча актылык жазууну сот аркылуу жокко чыгаруу абзел. Андан кийин экинчи фамилия менен алып алган персоналдык идендификациялык номурду (ПИН) баштапкы фамилиясына өткөргөнгө жол ачылат. “Разак кызы” деген күбөлүк менен ПИН номер бириктирилгенден кийин ал кыздын өзүнүн арызы менен азыркы атасынын фамилиясына өзгөртүп алса болот. Бул үй-бүлө убактысын текке кетирбей, сотко доо арызын жазып, эртерээк чечим чыгартып алганга аракет кылышы керек".

"Бала бакчабыз жок деп президентке кайрылдык"

“Эл үнү” түрмөгүнүн WhatsApp номуруна Түп районунун Ысык-Көл айылынын тургундары бийликке кат жолдошкон. Анда аталган айылда буга чейин бала бакча болбогону, акыркы жылдары элдин бакча түптөө аракетинен майнап чыкпай жатканы айтылат. Каттын мазмуну менен Жаркын Турдакунова тааныштырат.

“Эгемендик алгандан бери айылыбызга бала бакча зарыл деп айтылып келет. Ошол мезгилде бакчага бара турган балдар учурда өздөрү балалуу болуп отурат. Өзүбүз бала бакчасыз чоңойсок да балдарыбыз барып тарбиялансын деген тилекте президентке түз кайрылууну туура көрдүк. Айылдын көпчүлүк тургундары чет жакта иштеп жүрөт. Алардын балдары ата-энесинин карамагында калышат. Ардактуу эс алуунун ордуна улгайган чоң ата, чоң энелерибиз эртеден кечке үч-төрттөн бала карап отурушу аябай осол көрүнүш.

Бала бакчаны өзүбүз эле түптөп алалы деп долбоорлорду жазуу аракетибизден эч кандай майнап чыкпады. Андыктан аймактарды өнүктүрүү фонду сыяктуу булактардан биздин айылга жок дегенде чакан болсо да бала бакча салып берүүңүздөрдү суранабыз. Эгер таптакыр каражат жетишсиз болсо, айылда советтик доордон калган имаратты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балак бакчага ылайыкташтырып берүүңүздү өтүнөбүз. Ушундай мазмундагы катты президентибиз Садыр Жапаровго да жөнөткөнбүз, бирок жооп да болгон жок".

"Документ алышка кезек күтүп, машинеде уктагандар бар"

Ноокен районунун тургуну Авазбек Далибаев райондун борбору Масы айылындагы калкты тейлөө борборундагы Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө кезекке тургандардын башаламандыгы тартылган видео кайрылуу жөнөттү.

Угарманыбыз алыскы айылдардан келгендер мындай кезек күтүүлөрдөн улам бир нече күн Масыда машинелерде түнөгөнгө, түнкү саат үчтөн баштап кезекке турууга аргасыз экенин айткан.

“Түнкү үчтө келип кезекке тургандар, кезеги жетпей айылдарына кете албай калгандар да бар. Мен өзүм документимди сурап алайын деп ичине кире албай койдум. Уруш, жаңжал, тополоң. Түштөн кийин бир аз адам азайып калып жатат. Эрте менен болсо бул жерге жакындаганга да болбойт”.

Ноокен районунун акиминин орун басары Зияда Юлдашеванын кезек күтүүлөр боюнча түшүндүрмөсүнө ылайык, июнь айында жаңы имараттын курулушу башталат. Ага чейин ар бир айыл өкмөттө бирден кызматкерге паспорттоштуруу жана каттоо боюнча кайрылгандар менен иштөө милдети жүктөлгөн.

“Калкты тейлөө борбору үчүн жаңы имарттын долбоору ишке кирген. Азыр акыркы документтери бүтүп жатат. Имарат курула турган жер да даяр. Ал райондун борбордук паркынын жанына заманбап болуп курулат. Негизи, баштапкы план боюнча курулуш июнь айында бүтмөк. Иштерибиз кечеңдеп кетти.

Ал эми азыркы тейлөө борборундагы кызматкерлердин жетишсиздиги боюнча, айыл өкмөттөрдүн өзүндө бирден кызматкерди ушул багытта иштей турган болду. Азырынча бул иштер коомдук башталышта жүрүп жатат. Бирок маянасына кошумча төлөп беребиз деп айтышкан. Кезек күтүүнүн көбөйүшүнүн дагы бир себеби, мектепке, бала бакчага электрондук гана кезекке туруу аркылуу кабыл алуу болуп жаткандыгында. Эл үйдөн каттоого тура албай, паспорт бөлүмүнө келип кезек узарып жатат. Себеби баары эле интернет аркылуу катталууну өздөштүргөн эмес. Ошол маселеден улам май айында кезек күткөндөр көбөйүп кетти. Буга чейин айыл өкмөттөр үймө-үй кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ага карабай эл келе берет экен. Бирок азыр андай деле кезек күтүү жок”.

"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

"Кызыма күбөлүк алуу кыйын болууда"
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:43 0:00

"Жаңы курулуш үйүбүздү жаап калат деп коркобуз"

Бишкек шаарынын 12-кичи районунун №44 көп кабаттуу үйүнүн жашоочуларынын атынан Акылай Сатыбалдиева кайрылуу калтырган. Анда үйдүн жанындагы унаа токтотуу үчүн каралган жерди Жибек Кубанова ээлеп, документтештирип алганы айтылат. Адегенде кичине дүкөн ачып, эми курулушту кеңейтүү иштери башталганын, төрт кабаттуу имарат бүтсө, жанында турган 44-үй толугу менен жабылып калат деп тынчсызданган.

“Долбоорун карасак жеңил конструкция, кичинекей дүкөн деп турат. Булар болсо төрт кабаттуу имарат салганы жатат. Биз жашаган үй беш кабаттуу. Ошол эле учурда биздин үй бир кабат ылдый жерде турат. Демек биздин үйдү жаап калганы жатпайбы. Ошондой эле ал имаратты сауна кылат экен. Анын канализациясы кандай болот? Суусу кандай болот? Өткөндө кырылышып жатып электр көмөк чордонго кошулган элек”.

Бул кайрылуу боюнча №44 үйдүн башчысы Тамара Насырова ижарачы баштапкы максатынан кайтып, эми чоң курулушка киришкени жашоочуларды нааразы кылууда дейт.

“Бир топ жыл мурун жашоочулар бул адамга кичинекей дүкөн коюуга уруксат бергенбиз. Эми болсо ал үч кабаттуу имарат салганы жатат. Буларга ким уруксат бергени белгисиз. Бул имараттын бизге кереги жок.”

“Азаттык” талаш суроо жараткан жер аянтынын ээси Жибек Кубанова менен байланышты. Ал №44 үйдүн жанындагы жер аянтынын 1,35 сотых бөлүгү жеке менчикте, эки жарымдай сотых жер аянтын ижарага алып иштетип жатканын билдирди. Кубанова жашоочулардан нааразылык болбосун деп 2 миллион сомго электр көмөк чордонун коюп бергенин, 12 жылдан бери бул жер аянтынын артынан көп чыгым тартканын айтты.

“2 миллион сомго буларга электр көмөк чордонун алмаштырып бердик. Жашоочулардын кайрылуусунан улам прокуратурадан, дагы башка органдардан келип текшерип кетишти. Тескерисинче, алар бизге бул жерде курлуш иштерин жүргүзгөнгө тоскоолдук жаратып жатат. Бул жерди сатып алганыбызга 12 жыл болду, дагы эле өзүбүз каалагандай иштете албай келебиз. Кээде биз кандай өлкөдө жашап жатабыз деп ойлонуп кетем. 5-6 кишинин арызы менен эле улам ишибиз артка жылып келет. Андан сырткары менчик жерибиз кенедей болгону үчүн анын жанындагы аянтка 60 миң сомдон ижара акы төлөйбүз. Биз канчалаган чыгаша тартып жатканыбызды эсептеген адам жок”.

"Шахтёрдун эстелигин орнотууга жардам сурайбыз"

Кемин районуна караштуу Ак-Түз шаарчасынан “Азатыкка” келген Калдыбек Суранчиев шаарчанын кире беришине арка жана шахтычынын эстелигин орнотуу демилгесин колдогондор аз болуп жатканын айтат.

“Шахтердун эстелигин жасаттык. Аны атайын постаментке коюп, арка жасатуу гана калды. Бул жасалга Ак-Түз шаарчасына кире беришке орнотулушу керек. Шахтердун элеси түшүрүлгөнүнүн себеби согуш мезгилинде коргошун кендеринде иштеген аталарыбыздын жаркын элесине арналат. 1942-жылдан баштап Ак-Түз коргошуну СССРди коргоо үчүн ташыла баштаган. Сапаты өтө жакшы экени айтылган биздин коргошундан суу астында жүргөн кемелер, согуш машинелери, учактар, танкалар үчүн аккумуляторлор жасалып турган. Эксперттер согуштагы ар бир төртүнчү окко Ак-Түздүн коргошуну кошулган деп айтып жүрөт. Согушка Ак-Түздөн 140тан ашуун аскер кеткен экен. Ошон үчүн бул эстелик комплексин куруп жатабыз. Жаңы муун аталардын күжүрмөн эмгеги менен эрдигин унутпай эстеп жүрсүн дейбиз. Буга чейин ардагерлер жана мага окшогон Ак-Түз шаарчасына кайдыгер карабаган адамдардын жардамы менен 180 миң сом каражат жыйналып, ага эстелик жасалды.

Мен ушул берүү аркылуу Ак-Түздөн чыккан адамдарга, Кемин районунун тургундарына жана жалпы элге кайрылат элем. Арка жана эстеликти орнотуу үчүн баш-аягы 500 миң сом каражат чогулталы. Бул анча деле чоң каражат эмес".

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG