Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Кечиккен инсулин, кыйналган бейтаптар


Инсулин дарысы ийнелери менен.
Инсулин дарысы ийнелери менен.

Кант диабети менен ооруган адамдарга зарыл болгон курамында инсулин бар “Протафан” аттуу дары Кыргызстанга июндан эрте келбейт. Бейтаптар март айынан бери бул дары жок экенин айтууда.

"Мамлекет акысыз бермек, бирок азырынча жок болууда"

33 жаштагы Айдар 15 жашынан бери экинчи типтеги кант диабети менен алышып келет. Ал буга чейин мамлекеттен акысыз инсулин алып дарыланып турган. Март айынан бери дарыны Казакстандан айына 7-8 миң сомго буйуртма берип сатып алууда. Өзү сыяктуу ооруган бейтаптардын көбү инсулинге жетпей, дозаны азайтып жатышканын айтып, мамлекет кепилдеген акысыз дары азыр абдан тартыш дейт.

Менде азырынча дары бар, сатып алып жатам. Бишкекте дарыны бекер бербей калбадыбы. Мен деле башкалардай "Протафан" дарысын алышым керек. Мамлекет аны бизге акысыз бериши керек эле, азырынча жок. Экинчи типтеги кант диабети менен ооругандардын баары ушул дарыга муктаж. Аны ичпесек болбойт, айла жок, башка өлкөлөрдөн буйрутма берип сатып алып жатабыз. Мен 1,5 айга эки куту дарыны Казакстандан буйуртма берип алдырам. Бир кутусу төрт миң сомдун айланасында, сегиз миң сомго чейин каражат кетип жатат”.

  • Инсулин – кант диабети менен ооруган адамга күнүнө бир нече ирет сайылчу дары. Инсулин менен глюкоза канда тең салмактуу болушу керек. Себеби инсулин кандагы глюкозаны клеткаларга ташыган негизги гормон болуп саналат. Кант диабети менен ооруган адамдарга инсулин гормонун сайбаса, организми тамакты сиңире албай калат.

Кант диабетинин биринчи тибинде бейтаптарга дароо инсулин сайылбаса, уйку без иштебей калат. Экинчи типтеги диабетте адамдын организминде инсулин табигый жол менен аз убакыт эле чыгат. Ушундан улам убагында инсулин албаса, бейтаптын канынын курамындагы шекер жогорулап, абалы начарлайт, ички органдары иштебей, тез эле өлүмгө учурашы ыктымал.

"Балдарга берилген инсулин да тартыш болууда"

Кыргызстанда жылдан жылга кант диабетине чалдыккандар көбөйүүдө. Арасында 18ге чыга элек балдар да бар.

Нурхан Жумабаева.
Нурхан Жумабаева.

Кызы кант диабети менен ооруган Нурхан Жумабаева Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы төрайымы. Ал азыр оорулуу балдар арасында абал кыйындап жатканын айтат.

“Экинчи типтеги кант диабети менен ооругандардын баары "Протафан" менен "Актрапид" деген дарыны биздин Республикалык эндокринологиялык диспансерден акысыз алышат. Бирок бул эки дары тең бизде 5-6 айдан бери жок. Жаңылбасам, март айынан ушул күнгө чейин "Протафан" деген инсулинди издеп жүрүшөт. Казакстандан сатып алышат. Бишкектеги бир нече дарыканада да кымбат баада сатылып жатыптыр, алар кантип өлкөгө алып келишкени мага табышмак. Эптеп сатып алышып, колдонуп жүрүшөт. Акыркы күндөрү балдарга берилген инсулин да тартыш болууда. Мен кечээ эле кызыма инсулин алганы барсам, бир айга эле төрт даана берип, "ушул дозаны жеткиргиле" деп коюшту. Башка ата-энелерге бериле турган дозаларды да сурасам бербей коюшту”.

25-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго өлкөдө инсулиндин запасы бүтүп бара жатканын, үч айга созулган тендердин дарысы келгиче инсулин тартыштыгы келип чыгарын маалымдап, расмий кат менен кайрылган. Ал катта өкмөт дары келгиче убактылуу дефицитти жаап туруу үчүн инсулинди четтен алып келүүнү менчик дарыканаларга уруксат берүүнү сунуштаган.

Инсулин июндан эрте келбейт

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрилигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынина тендер маселеси чечилгенин, инсулиндин жаңы партиясы жакында келерин билдирди.

“Жалпы суммасы 192 миллион сомдук инсулин дарысын алуу үчүн тендер аягына чыкты. Азыр экинчи типтеги кант диабети менен ооругандарга зарыл болгон “Протафан” дарысы жок болуп жатат. Анын ордуна таблетка түрүндөгү инсулиндин дозасын азыраак кылып берип жатабыз. Биринчи типтеги кант диабети менен каттоодо тургандарга запастагы инсулин берилүүдө. 8-июнга чейин дары келип калат деп үмүттөнүп жатабыз”.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ар бир алты ай сайын инсулин сатып алуу боюнча тендер өткөрөт. Кыргызстандын диабет жана эндокринологиялык ассоциациясы быйыл бул тендер кечиккендиктен айрыкча аймактагы бейтаптар кыйналып жатканын билдирди.

Биримдиктин президенти Светлана Мамутова инсулин тартыштыгына министрлик түздөн-түз жооптуу дейт.

"Инсулин чыгарган фармкомпанияларда ашыкча дары болбойт. Бүгүн акча алып барып эле ала калгыдай оңой дары эмес. Тендер өтүп, акча бөлүнгөндөн кийин үч айда бизге жеткидей дары жасап беришет. Биз министрликке ушундан улам тендерди батыраак өткөргүлө деп айтып эле келебиз. Болбой эле ушинтип кечигип жатканы өкүнүчтүү, процессти түшүнбөгөндөр отурабы, билбейм. Азыр эми инсулиндин акыркы запасын бейтаптарга аз дозада бөлүп берип жатышат. Бир флакондо миң даана болот. Аны көпкө чейин чоюп колдонушу керек. Бул адамдын саламаттыгына зыян. Кандагы шекердин көлөмү көтөрүлөт, шекер көтөрүлгөн сайын органдар жакшы иштей албай кыйналат".

“Кант диабети” тууралуу мыйзамга ылайык, өлкөдө инсулиндин запасы жарым жылга жеткидей турушу зарыл. Мамлекет кепилдеген программага ылайык, инсулин бейтаптарга акысыз берилет. Адистер акыркы жылдары ооруга чалдыккан жылдан жылга көбөйүп бара жатканын айтышууда.

Кыргызстан инсулинди Дания, Британия сыяктуу Европадагы сапаты тастыкталган ири фармкомпаниялардан сатып алат. 2021-жылдагы эсеп боюнча кант диабети менен каттоого алынгандар 72 миңден ашкан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG