Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Боррел Орусиянын украин буудайын чыгарбай жатканын "согуш кылмышына" теңеди


Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел.
Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Орусиянын Украинага дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын "чыныгы согуш кылмышы" деп атады. Ал 20-июнда Люксембургда Еврошаркетке мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согуштан улам дүйнөнү, өзгөчө Африка мамлекеттерин ачарчылык тооруп турганын айтты. Боррел мындай жагдайдын жаралышына Европанын Москвага каршы санкциялары эмес, Орусиянын украин буудайын порттордон чыгарбай жатканы себеп болгонун айтты.

"Украинада миллиондогон тонна буудай бөгөттөлүп жатканын, дүйнөнүн калган аймагында адамдар ачка отурганын элестетүү кыйын. Бул чыныгы согуш кылмышы. Дагы узакка созулбайт деп ойлойбуз. Антпесе, бул Орусиянын жоопкерчилигиндеги иш болот. Ачарчылыкты же адамдарды согуштун куралы катары колдонбош керек", - деди Боррел.

Орусия Украинага кол салгандан бери бул өлкөнүн Кара деңиздеги жана Азов деңизиндеги портторун бөгөттөп, Киевге дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей келет. Украина экспорттой албай жаткан дандын көлөмү 20 миллион тоннадан ашык экени кабарланып келет. Орус президенти Владимир Путин дүйнөдөгү дан азыктарынын кымбатташына Москваны күнөөлөгөн билдирүүлөрдү четке каккан.

Украина буудай сыяктуу дан азыктарын эң көп экспорттогон дүйнөдөгү беш мамлекеттин катарына кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG