Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Киев душмандын мизин кайтарууга убада берди


Лисичанск шаары, Украина. 4-июль, 2022-жыл.
Лисичанск шаары, Украина. 4-июль, 2022-жыл.

Шейшебиге караган түнү Орусиянын куралдуу күчтөрү Днепр, Николаев жана башка шаар-кыштактарды аткылашканын украин расмий өкүлдөрү билдиришти. Украина армиясы өз кезегинде каршы тарап оккупациялап алган аймактарда аскердик инфраструктурага соккуларын күчөтүүдө.

Аскерлери Луганск облусунун дээрлик бүт аймагын ээлеп алгандан кийин Орусия президенти коңшу өлкөнүн чыгышында операцияны улантуу буйругун берген.

Украинанын чыгышындагы Краматорск шаарынын ондогон тургуну, көбү улгайган адамдар сүт, нан жана башка керектүү нерселерди алуу үчүн сааттап кезекте турушат. Алар орус аскерлери кошуна Луганскини басып алгандан кийин Донецк облусуна да кирип келет деп сарсанаа.

Краматорскинин мэри өткөн дем алышта орус аскерлери катуу аткылагандан кийин жергиликтүү жашоочулардын кээ бири шаардан тезирээк кетүүнү чечкенин, соккудан бир аял жараат алганын айтып берди.

Краматорск шаары орустардын аткылоосунан кийин. 25-май 2022-жыл
Краматорск шаары орустардын аткылоосунан кийин. 25-май 2022-жыл

Согуш башталгандан бери калаа калкынын басымдуу бөлүгү көчүп кетип, шаарда 60 миңдей киши калган.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын дүйшөмбү күнү билдиргенине караганда, каршы тарап Донецкидеги Сиверск, Федоровка жана Бахмут багытында алга жылуу аракетин көрүүдө, облустун түпкүрүндөгү Славянск жана Краматорск шаарларын аткылоону күчөттү.

4-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста аскердик операцияны улантуу буйругун берди жана куралдуу күчтөр “бекитилген планда коюлган максаттарды ишке ашырууга аракеттенүүгө тийиш” деп айтты.

Анын алдында орус куралдуу күчтөрү Луганскинин дагы бир ири шаары Лисичанскини алганын жарыялашкан. Муну менен облус дээрлик толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өттү.

Баш калаа Киевди алуу максаты ишке ашпай калгандан кийин орус командачылыгы Донецк жана Луганск облустарын камтыган Донбасста аракеттерин күчөтөрүн билдирген.

Украин жетекчилиги аскерлери Лисичанскиден чегингенин бышыктады.
Президент Владимир Зеленский каршы тарапка өтүп кеткен жерлер кайтарыларына убада берди:

"Душман Сумы облусунун чек аралаш райондорун, Харьков шаарын жана облусун, Донбассты аткылоону улантууда. Украин куралдуу күчтөрү баскынчылардын мизин кайтарып, сүрүп чыгарып, күн сайын чабуул коюучу курал-жабдууларын талкалап жатат. Биз аларды жеңишибиз керек. Бул эбегейсиз аракетти, убакытты талап кылган абдан оор максат. Бирок башка аргабыз жок. Биз эгемендигибиз, келечегибиз, украин элинин тагдыры үчүн күрөшүп жатабыз".

5-июлда украин аскерлери Донецкиде фронттун жаңы сызыгында позицияларга жайгашты.

Эл аралык конференциянын катышуучулары. Лугано, 5-июль 2022-жыл
Эл аралык конференциянын катышуучулары. Лугано, 5-июль 2022-жыл

Ал тапта Швейцариянын Лугано шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияда согуштан кийинки Украинаны кайра куруунун принциптери жана артыкчылыктары тууралуу декларация кабыл алынганы турат. Ал максатта 750 миллиард доллар бөлүү каралууда. Дал ушул сумманы алдыңкы күнү украин премьер-министри Денис Шмыгал атаган. Киев каражаттын негизги максаты орус мамлекетинин жана мамлекеттик корпорацияларынын, олигархтардын камакка алынган активдери болууга тийиш деп эсептейт. Андайга британ тышкы иштер министри Лиз Трасс макулдугун билдирди. Бирок мындай конфискациянын укуктук механизми азырынча жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG