Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Украин армиясы Лисичанск шаарындагы позициясынан чегинди


Донбасс. 2022-жылдын май айында тартылган сүрөт.
Донбасс. 2022-жылдын май айында тартылган сүрөт.

Украин армиясы Луганск облусунун Лисичанск шаарында ээлеп турган позициясынан чегингенин 3-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы расмий билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим “оккупациялык аскерлердин артиллерия, авиация, реактивдүү системалар, ок-дары жана жеке курам жагынан эселеп көп болуп жаткандыгына байланыштуу” кабыл алынды.

“Шаарды коргоону уланта берүү өтө оор кесепеттерге алып келмек. Биз кайтып барабыз жана сөзсүз утабыз” деп айтылды Башкы штабдын билдирүүсүндө.

Лисичанск Украина Луганск облусунда көзөмөлдөп турган акыркы шаар болчу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 3-июлда президент Владимир Путинге Украинанын чыгышындагы Луганск облусун толук "бошотушканын", Лисичанск шаарын өз карамагына алышканын билдирген.

Соңку күндөрү Северский Донец дарыясынын боюндагы Лисичанск Орусиянын тынымсыз ракеталык аткылоосуна кабалып жаткан. Андан мурдараак украин күчтөрү Лисичансктын тушунда, дарыянын аркы бетинде жайгашкан Северодонецк шаарын алдырышкан. Орус армиясы бул шаарды да толук талкалоого жетишкен.

Лисичанск шаары Москва үчүн Донбасстын өнөр жай борборуна ээлик кылуу үчүн салгылашууда негизги аймак катары аталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG