Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Каракалпакстан: 18 киши каза таап, 200дөн ашууну жаракат алды


Каракалпакстан. Окуялардын хронологиясы

1-2 июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. Бул тууралуу 4-июлда өткөн брифингде Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргенин өзбек маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, 243 киши жаракат алган. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда 100гө чукул адам бар. Айрымдарынын абалы оор экени кабарланды.

Тополоңго байланыштуу кармалгандардын жалпы саны 516 кишиге жетти. Алардын айрымдарына айып пул салынып, бошотулду.

Улуттук Гвардиянын маалыматына караганда, аймакта өзгөчө кырдаал режимин бузганы үчүн 4-июлга караган түнү 110 киши кармалган.

"Азаттыктын" өзбек кызматы 4-июлда өлкөнүн парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын сактап калуу тууралуу чечим кабыл алганын маалымдады.

"Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Жокаргы Кенестин (ред.: автономиянын парламенти) депутаттары жана Каракалпакстандын коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууда бардык сунуштарды эске алуу зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, Конституциянын 70, 71, 72, 74 жана 75-беренелери өзгөртүүсүз калып, ал эми азыркы нормалар сакталат", - деп жазылган өзбек парламентинин билдирүүсүндө.

Ушул эле күнү өлкөнүн Башкы прокуратурасы брифингде Каракалпакстандагы жапырт башаламандык боюнча кылмыш иши козголгонун, тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын Мамлекеттик күзөт кызматы, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук гвардия жүргүзүп жатканын жарыялады. .

Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелеринин, анын ичинде 159-берененин, башкача айтканда, Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу беренесинин негизинде козголгон.

"Мыйзамдуулукту жана жазанын сөзсүз болушун камсыз кылуу максатында 2-июлда бул иш боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 4-бөлүгү жана башка беренелер боюнча кылмыш иши козголду", - деди Башкы прокуратуранын кызматкери.

Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынан кийин 3-июлда бир айга өзгөчө абал жарыяланган. Азыр кечки саат 9дан эртең мененки саат 7ге чейин коменданттык саат өкүм сүрүүдө.

Нукуста миңдеген адамдар Өзбекстандын Баш мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөргө нааразы болуп көчөгө чыккан. Президенттин маалымат бөлүмү жекшембиде кырдаал турукташканын билдирди. Чыныгы абал кандай экенин билүү азырынча мүмкүн эмес.

Өзбек президенти Мирзиёев кечээ "тилекке каршы жайкын тургундардын арасында да, тартип коргоочулардын арасында да жоготуулар бар" деген, бирок алардын санын тактаган эмес эле.

Ошондой эле ал каршылык акциясына чыккандар Нукуста "бүлүндүрүүчү аракеттерге" барып, тартип коргоочуларды көздөй таш ыргытып, кол салышканын кошумчалаган.

"Рейтер" агенттиги бозгундагы оппозициячыл саясатчы Пулат Ахуновго таянып, каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин жазды.

Мирзиеевдин жарлыгына ылайык, Каракалпакстандагы өзгөчө абал 3-августка чейин уланат. Аймакка кирип-чыгуу токтоп, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды. Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан республикасынын борбору Нукуска барып, жергиликтүү депутаттар менен жолукту. Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады.

"Мен дайыма ачык эмесминби. Эмнеге телефон чалып, эл нааразы экенин айтпадыңар? Мага да Каракалпакстандын эртеңки күнү, тынчтыгы маанилүү. Ушунча мээнетти шерменде кылуунун кимге кереги бар? Деги максатыбыз эмне? Максатыбыз - ээн-эркин жашоо, ар бир адам өзүн эркин сезиши, улутуна, тилине, динине карабай мекенибизде ээн-эркин жашашы. Конституциялык реформа элдин эртеңки күнүн жакшыртууга багытталган. Бирок каракалпак эли нааразы болсо, бир дагы берене эч качан өзгөрбөйт. Ар бир депутат өз сунуштарын дагы бир жолу айта турган болсо, 70, 71, 72, 74, 75-беренелерге бир дагы өзгөртүү киргизилбейт",-деген Мирзиёев.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду.
Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн жана бул республиканын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынган.

1-июлда бул өзгөртүүлөргө каршы республика борбору Нукуста миңдеген адамдардын катышуусунда жапырт акция өттү. Социалдык тармактарга Каракалпакстандын башка аймактарында да нааразылык демонстрациялары өткөнү кабарланып, видеолор жарыяланды. Алардын айрымдарында митингге чыккандар күч менен таратылганын көрүүгө болот. Кээ бир тасмаларда күч кызматкерлери курал колдонуп жатканы да чагылдырылган. Бирок бул кадрлар канчалык реалдуу экенин бышыктоо мүмкүн эмес. Нукуста интернет өчүрүлгөн.

Каракалпакстандын бийлиги жергиликтүү администрацияны басып алуу аракети болгонун, буга тышкы күчтөрдүн салымы бар экенин жана күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөндөр кармалганын кабарлады.

Президенттин маалымат кызматы Телеграмдагы каналына жарыялаган билдирүүлөргө караганда, Мирзиёев Нукуста аймак жетекчилери менен видеобайланыш аркылуу жыйын өткөрүп, жергиликтүү тургундар менен шаар көчөлөрүнөн жолуккан. Маалыматка караганда, учурда аймакта абал турукташып, жашоо өз калыбына келди.

"Аймактагы маанайды эске албастан жасалган кадам"

Орусиялык саясат таануучу, Борбор Азия чөлкөмүнө байкоо жүргүзүп келген Аркадий Дубнов Каракалпакстандагы окуяларды Тажикстандагы жана Украинадагы соңку кырдаал менен байланыштырды.

"Балким Ташкент Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы кырдаалды эске алууну чечкендир. Тажикстандын аянтынын дээрлик жарымын ээлеген аймак Дүйшөмбүдөн сый мамилени талап кыла баштаган. Тажик бийлиги аларды катаал жол менен басып, "жикчил" деп санаган тенденцияларды жок кылуу аракетин көрдү. Экинчи кырдаал - Донецкидеги "республикалардын" Украинанын курамынан чыгуу чечими. Ташкент алардын көз карандысыздыгын таануудан баш тартты. Менин баамымда, Ташкентте Конституцияга өзгөртүүлөрдү даярдап жатып, кимдир бирөө президентке алдыдагы коркунучтарды ушундай жол менен алдын алууну сунуштаган болушу мүмкүн. Бул кадам Каракалпакстандагы маанайды эске албастан жасалган. Социологияга таянса, мындай кадамга барбаш керек болчу. Анткени ал жакта чындап Өзбекстандын курамынан чыгууну олуттуу көздөгөндөр деле жок. Бул кадам туура эмес болуп калды жана нааразылыктын тутанышына себеп болду",-дейт Дубнов.

Норвегиядагы Хельсинки комитети Өзбекстандын бийлигин Нукустагы тургундардын митингге чогулуу эркиндигин сыйлоого чакырды.

Каракалпакстан Өзбекстандын аймагынын 40% ээлейт жана Казакстандын Мангыстоо, Актөбө жана Кызылордо облустары менен чектешет.

Илимпоздордун айтымында, каракалпактар 11-кылымда Арал деңизинин жээгинде пайда болгон эл. Кыпчак тилинде сүйлөшөт. Ачык булактарда каракалпактардын саны 825 миң адам экени, анын 500 миңге жакыны Каракалпакстандын өзүндө жашай турганы көрсөтүлгөн. Республикада жалпы жонунан 1,8 млн. адам жашайт.

Каракалпак автоном облусу 1924-жылы түзүлүп, 1930-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон. Андан кийин РСФСРдин курамына кошулган. 1936-жылы Каракалпак АССРи Өзбекстандын курамына киргизилген. 1992-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Каракалпакстан Республикасы деп кайра түзүлгөн. 1993-жылы Каракалпакстан Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 20 жылдык мамлекеттер аралык келишим түзүлгөн. Келишимде автономдук республиканын Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу чыгып кетүү укугу бекитилген. Каракалпакстандын оппозициялык саясатчылары Өзбекстандын Конституциясынын жаңы редакциясына каршы болушууда. Жаңы өзгөртүүлөргө чет жакта, анын ичинде Казакстанда жашаган каракалпактар да нааразы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG