Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Өзбекстан: өкмөткө аргасыз эгин төккөн дыйкандар


Кант алуу үчүн кезекте турган эл. (архивдик сүрөт)
Кант алуу үчүн кезекте турган эл. (архивдик сүрөт)

Өзбекстанда жергиликтүү акимдер дыйкандардан ашыкча буудайын мамлекеттик резервге тапшырууну талап кылып жатканы маалым болду. Айрымдары күч кызматкерлери дыйкандарды кыйнап, эгин төктүрүп жатканын айтып берди. Ошондой эле коңшу өлкөдө жер-жемиш тартыштыгы байкалууда.

Май айында президент Шавкат Мирзиёев айыл чарба реформасын караган жыйында өкмөт 1-июндан тарта дыйкандардан базар баасы менен эгин сатып аларын айткан.

Президент анда бир тонна буудай баасы быйыл 1,5 миллион сумдан (135 доллар) 3 миллион сумга (270 доллар) чейин көтөрүлгөнүн эскерткен.

Шавкат Мирзиёев кашкадариялык дыйкандар менен.
Шавкат Мирзиёев кашкадариялык дыйкандар менен.

Расмий маалыматка ылайык, өзбекстандык дыйкан орто эсеп менен бир гектардан 2,5 тонна буудайды эркин биржа аркылуу, калганын түз келишимдер менен сатууга милдеттендирилген.

Бирок Өзбекстандын аймактарында дыйкандар учурда мамлекетке ашыкча буудай тапшырууга аргасыз экенин айтышууда.

Кашкадарыя облусунун Гузар районундагы дыйкан анын ашыкча буудайын күч органдары тартып алганын "Озодлик" радиосуна билдирди.

Ал эми Ташкент облусунун Бука районундагы фермерлердин бири келишимден тышкары өкмөткө ар бир гектарынан 5 центнерден эгин тапшырууга милдеттендирилгенин айтууда.

"Кластерге 25 центнерден ашык буудай өткөрүп жатабыз. Акимдин буйругу менен дагы 5 центнерден түшүмдү биржага коюуга милдеттенгенбиз. Июль-август айларында биржада сатылып, акчасы кийин берилет. Мисалы, биржа беш тонна ашыкча буудайды 5000 сумдан сатат. Ал 25 миллион сумду башкача айтканда 2 200 долларды түзөт. Бирок бул акчадан 15% кошумча салык алынгандан кийин гана биздин эсепке түшөт. Башкача айтканда, дыйкан кайра утулуп атат".

Белгилей кетсек, президент Мирзиёев 11-майда өткөн жыйында дыйкандардын эгин-тегинин күч менен тартып алууга тыюу салган.

“Губернаторлор бир нерсени түшүнүшү керек. Буудайдын чыныгы ээси – дайкандар жана кластерлер. Ошондуктан райондо план аткарылбай калды, мал же балык чарбасы тоютка муктаж деп эле дыйкандардын эгинин тартып алууга катуу тыюу салынат” деп эскерткен.

Бирок буудайдын баасын либералдаштыруу боюнча президенттин буга чейинки чечимдери кагаз жүзүндө калгандай.

Мөмө-жемиш тартыш

Быйыл ошондой эле коңшу өлкөнүн базарында мөмө-жемиш тартыш. Өткөн жылга салыштырмалуу жер-жемиш баасы дээрлик эки эсе кымбат. Айрым өзбекстандык серепчилердин баамында, быйыл катуу сууктан улам мөмө-жемиш азайып кеткен.

Швейцарияда жашаган өзбекстандык ишкер Гавхар Вайбл үч жылдан бери Борбор Азиядан Европага айыл чарба өндүрүмүн ташыйт. Ал Өзбекстанда жашылча-жемиш экспорту бийликке жакын адамдардын гана колунда экенин айтууда.

"Мунун баары коррупция, мунун баары бир чынжыр. Өзбекстандын жөнөкөй өндүрүүчүсү өз продукциясын бизге түз экспорттой албайт. Бизнес "жогору жакка" жакын адамдардын колунда. Жергиликтүү акимдер гана эмес, Өзбекстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери, консулдуктары да ага аралашкан. Бул чынжыр, чириген система. Өзбекстанда өстүрүлгөн 20 центтик бир коон ушул чынжырдан өтүп, бизге 1 доллар 20 цент болуп келет. Анда чынжырдагы адамдардын бардыгынын өз үлүшү бар. Ошондуктан алар Өзбекстандын өзүндө жашылча-жемиш жетишсиз болуп жатканына баш оорутпайт", - дейт өзбекстандык ишкер аял.

Ал эми соңку үч жылдан бери жашылча-жемишти дүйнөнүн отуздан ашуун өлкөсүнө экспорттогон "ГарденСеллс" компаниясынын менежери Мирзохид Ниязов "Озодлик" менен маегинде, мөмө-жемиштин кымбатташына экспортчулар күнөөлүү деген дооматтарды четке кагып, жазындагы катаал аба ырайын мисалга тарткан

Мирзохид Ниязов.
Мирзохид Ниязов.

"Экспортчулар негизинен жакшы, сапаттуу продукцияларды чет өлкөгө жөнөтөт. Алар жергиликтүүлөр ала турган продукцияны сыртка чыгарбайт, анткени андай товар чет өлкөдө өтпөйт. Ошондуктан ички рыноктогу баага экспорт себеп болуп жатат деген доомат туура эмес. Менин байкоомдо мунун себеби куру дүрбөлөң".

Муну менен катар расмий Ташкент акыркы беш айда мөмө-жемиш экспорту эки пайызга өскөнүн билдирди. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында 2022-жылдын акыркы төрт айында Өзбекстандан 200 миллион доллардан ашык суммага мөмө-жемиш экспорттолгон.

Өзбекстанда жыл сайын 20 миллион тоннага жакын жер-жемиш өстүрүлөт. Жылына орто эсеп менен 1 миллион тоннага жакын жашылча-жемиш экспорттойт. Мындан тышкары, жыл сайын алма-өрүк мыйзамсыз жол менен Казакстан, Кыргызстан жана Орусия аркылуу да экспорттолот.

Кумшекер үчүн дүрбөлөң

Соңку күндөрү социалдык тармактарда тараган тасмада Өзбекстандын айрым соода түйүндөрүндө кумшекерге кезек күткөндөр көбөйүп, эл дүрбөлөңгө түшүп жатканын көрүүгө болот.

"Нигох" Tелеграм-каналынын маалыматына караганда, июнда биржалык соодада бир ай мурдагыга караганда 50% көбүрөөк – күнүнө 3 тонна кумшекер сатыкка коюлат. Бул чара элдин суроо-талабын жоюуга багытталган.

Билдирүүдө Өзбекстанда кумшекер жетиштүү экени айтылган.

Ушул айдын башында Өзбекстандын Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги өлкөдөгү баанын кымбатташына бийлик эмес, «коңшу мамлекеттер жана өзгөчө чет элдик биржалар күнөөлүү» экенин билдирген.

Министрликтин маалыматында Лондон биржасында кумшекердин бир тоннасынын баасы 500 доллардан 575 долларга же 15% кымбаттаганын, ал эми Өзбекстанга кумшекердин тоннасы 173 доллардан 271 долларга чейин көтөрүлгөн.

Тийиштүү министрлик өлкөдө канттын кескин кымбатташына жол бербөө максатында биржада сатылган кумшекердин көлөмү июнь айынан тарта 50% көбөйөрүн билдирди.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG