Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:44

Каракалпакстан: бир айга өзгөчө абал жарыяланды


Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын артынан бир айга өзгөчө абал киргизилгенин жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Кечки саат 9дан эртең мененки саат 7ге чейин коменданттык саат жарыяланды.

Улуттук гвардиянын колбашчысы Рустам Жороев комендант болуп дайындалды.

Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө абал 3-июлдан 3-августка чейин уланат. Каракалпакстанга кирип-чыгуу токтоп, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды.

Нукуста миңдеген адамдар Өзбекстандын Баш мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөргө нааразы болуп көчөгө чыкты.

Алар сунушталып жаткан жаңы долбоордогу Каракалпакстандын суверендүү макамы менен Өзбекстандан өз алдынча бөлүнүп чыгуу укугунан ажыратуу сунушуна каршы. 1-июлда өткөн митингге жергиликтүү активист Даулетмурат Тажимуратовдун камалышы да себеп болгон.

Акыркы маалыматтар

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Телеграм- каналында кабарлады.

Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан автономиялуу республикасынын борбору Нукуска учуп барган. Андан кийин жергиликтүү депутаттарга жолуккан.

Маалыматка ылайык, Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын элинин пикирин эске аларын айтып, ошол эле учурда Конституцияны өзгөртүү боюнча талкуулар аягына чыга электигин белгилеген.

"Президент Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү иштери уланып жатканын, андан тышкары Каракалпакстандын жашоочуларынын пикирин эске алып, Өзбекстан Республикасынын учурдагы Конституциясынын 70, 71, 72, 74, 75- беренелерин өзгөртүүсүз сактоо зарылдыгын белгиледи", - деп жазылган басма сөз кызматтын Телеграм-каналында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Нукуска учуп кеткенин Орусиянын Интерфакс агенттиги президенттик администрациядагы булагына таянып кабарлаган. "Азаттыктын" өзбек кызматы Flightradar24 сервисинин маалыматтарына шилтеме берип, президент Шавкат Мирзиёевдин жана премьер-министр Абдулла Ариповдун учактары Нукуска карай багыт алганын жазган.

Ага чейин Өзбекстандагы Каракалпакстан автономиялуу республикасынын бийлиги "мамлекеттик органдарды басып алуу аракети болгонун" билдирген.

Каракалпакстандын бийлиги жана Өзбекстандын Ички иштер министрлиги чогуу тараткан билдирүүдө "башаламандыктын белгисиз уюштуруучулары" элди Нукустагы административдик имараттын алдына чогултуп, "мамлекеттик мекемелерди басып алууга" жана Өзбекстанда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга аракет кылышты" деп айтылган. Анда күч органдары "уюштуруучулардын аракеттери жокко чыгарылып", каршылык көрсөткөн жарандар кармалганы кабарланган. Билдирүүдө акциялардын себеби, катышуучулардын жана кармалгандардын саны тууралуу маалымат жок.

Билдирүү ээлери "чет жактан кырдаалга таасир этүүнү көздөгөн күчтөр" болгонун белгилешкен, бирок кайсы күчтөр экени так айтылган эмес.

Ушул эле күнү Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Даут ата" өткөрмө бекети убактылуу жабылып, автоунааларды жана адамдарды өткөрүү токтотулду.

Казакстандын коопсуздук кызматы "өткөрмө бекеттеги чектөөлөр Өзбекстан тараптан маалыматтык система иштен чыкканы" тууралуу кабар келип түшкөндөн кийин киргизилгенин кабарлады. Мекеменин маалыматында Каракалпакстан — Бейнеу (Мангыстаудагы темир жол бекети) темир жол каттамын да убактылуу токтотуу мерчемделип жатканы жазылган.

Каракалпакстандагы чыңалуу эмнеден чыкты?

Каракалпакстанда нааразылык акциялары Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилгени жарыялангандан кийин башталды. Конституциянын жаңы редакциясы коомдук талкууга 26-июнда чыгарылган.

Өзбекстандын 40% ээлеген, түрк тилдүү каракалпактардын мекени саналган аймакта Ташкент сунуштаган 170 өзгөртүүнүн экөө нааразылык жаратты.

Өзгөртүүгө ылайык, бул өлкөнүн курамындагы Каракалпакстан республикасынын макамы өзгөрө турган болду.

Учурдагы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн жана бул республиканын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Мындан тышкары Каракалпакстан республикасы аймактагы "бүткүл элдик референдумдун негизинде Өзбекстандын курамынан чыгып кетүү укугуна ээ экени" да белгиленген.

Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынган.

Жума күнү Тelegram-каналдарда массалык демонстрациялардын видеосу тарады. Анда Каракалпакстандын желегин көтөргөн миңдеген адамдарды көрүүгө болот.

"Алга, Каракалпакстан" кыймылынын жетекчиси Аман Сагидуллаев "Азаттык" радиосуна Даулетмурат Тажимуратов камалгандан кийин нааразылык курчуганын билдирди.

Тажимуратов 5-июлда элди тынч митингге чыгууга үндөгөн. Соцтармакка тараган видеолордон чогулгандардын "Даулет" деп кыйкырганын көрүүгө болот.

Тажимуратовдун карындашы агасын күндүз милиция кызматкерлери Нукустагы үйүнөн кармап кеткенин айтууда. Каршылык акцияларынан кийин Тажимуратов бошотулганы маалым болду.

Башка бир видеодо сүйлөп жаткан адам атайын отряддын аскерлери чегингенин айткан. Бирок бул маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок. Видеого келген комментарийлердин биринде аскерлер Нукуска тартылганы жазылган.

Нукуста учурда мобилдик интернет өчүрүлгөн. Нааразылык акциялары Каракалпакстандын Чибай жана Муйнак шаарларына да жайылды.

Өзбекстандын ИИМнин билдирүүсү

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстан республикасынын борбору Нукус шаарындагы 1-июлдагы митингдер боюнча үн катып, жарандардын нааразылыгына "конституциялык реформалардын туура эмес чечмелиниши" себеп болгонун билдирди.

"Учурда коомдук тартип калыбына келтирилди. Жарандар менен мыйзам бузууга жол берилбей турганы жөнүндө түшүндүрүү жана алардын кайрылууларын тиешелүү тартипте кароо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп белгиленген министрликтин Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Анда митингге чыккандардын талабы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бул сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөргө каршы Каракалпакстандагы нааразылыкка байланыштуу өзбек бийлигинин алгачкы билдирүүсү.

Министрликтин маалыматына ылайык, 1-июлда саат 15:00дөн тарта Каракалпакстандын айрым жарандары Нукус шаарында жүрүш өткөргөн. Андан кийин тургундар борбордук базардын аймагына топтолгон. Бул базарга укук коргоо кызматкерлери жөнөтүлгөн. Өзбек милициясы Нукустагы митингди "мыйзамсыз" деп атап жатат.

Норвегиядагы Хельсинки комитети Өзбекстандын бийлигин Нукустагы тургундардын митингге чогулуу эркиндигин сыйлоого чакырды.

Өзбекстандын Конституциясы: толкундоого себеп болгон беренелер

Өзбекстандын Баш мыйзамына азыр коомдук талкууга коюлган 170 өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Анда президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узартуу, Ислам Каримов көз жумгандан кийин, 2016-жылы бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтүн жокко чыгаруу тууралуу да жоболор камтылган.

Каракалпакстанды болсо өз статусуна байланыштуу өзгөртүүлөр нааразы кылууда.

Өзбекстандын учурдагы Конституциясынын 70-беренесинде мындай деп жазылган:

"Каракалпакстан Суверендүү Республикасы Өзбекстан Республикасынын курамына кирет. Каракалпакстандын суверенитети Өзбекстан Республикасы тарабынан корголот".

26-июнда коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоордо бул берене минтип өзгөргөн:

"Каракалпакстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын курамына кирет. Каракалпакстан Республикасынын аймагында Өзбекстан Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган бардык укук жана эркиндиктерге кепилдик берилет".

Азыркы иштеп жаткан Өзбекстандын Констутициясынын 74-беренси:

"Каракалпакстан Республикасы Каракалпакстандын жалпы элдик референдумунан кийин Өзбекстан Республикасынын курамынан чыгуу укугуна ээ".

Азыркы долбоордо беренени минтип аныктоо сунушталган:

"Каракалпакстан Республикасы өз аймагындагы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигин Өзбекстан Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына жана Каракалпакстан Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына жараша жүргүзөт. Каракалпакстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Жўқорғи Кенгес-ред.) төрагасы Каракалпакстан Республикасынын кызмат адамы болуп саналат".

Каракалпакстан тууралуу эмне белгилүү?

Илимпоздордун айтымында, каракалпактар 11-кылымда Арал деңизинин жээгинде пайда болгон эл. Түрк тилдеринин кыпчак группасында сүйлөшөт. Ачык булактарда каракалпактардын саны 825 миң адам экени, анын 500 миңге жакыны Каракалпакстандын өзүндө жашай турганы көрсөтүлгөн. (Каракалпакстанда жалпы жонунан 1,8 млн. адам жашайт).

Кара-Калпак автоном облусу 1924-жылы түзүлүп, 1930-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон. Андан кийин РСФСРдин курамына кошулган. 1936-жылы Кара-Калпак АССРи Өзбекстандын курамына киргизилген.

1992-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Каракалпакстан Республикасы деп кайра түзүлгөн. 1993-жылы Каракалпакстан Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 20 жылдык мамлекеттер аралык келишим түзүлгөн. Келишимде автономдук республиканын Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу чыгып кетүү укугу бекитилген.

Каракалпакстандын оппозициялык саясатчылары Өзбекстандын Конституциясынын жаңы редакциясына каршы болушууда. Жаңы өзгөртүүлөргө чет жакта, анын ичинде Казакстанда жашаган каракалпактар да нааразы.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG