Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 07:20

Кыргызстанда башпаанектеп жүргөн каракалпакстандык жаранды милиция кармап, кайра бошотту.

Каракалпакстандык укук коргоочу Аман Сагидуллаев бир тууганынын Кыргызстанда кармалышын саясий буюртма катары баалады. "Саясий башпаанек издеген киши" деп каттоого алынган Жумабай Сагидуллаевдин коопсуздугун "Адилет" укук коргоо клиникасы камсыз кылууда. Милиция аны 23-мартта кармап, адвокаттардын жардамы менен кайра бошоткон.

43 жаштагы Жумабай Сагидуллаев Бишкекте кармалып, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгына жеткирилген. Беш сааттай убакыттан кийин Аламүдүн райондук милициясына алып барылып, 48 саатка камакка алынганын "Кылым шамы" укук коргоо уюму кабарлаган.

Кийинчерээк ал "Адилет" укуктук клиникасынын юристтеринин жардамы менен үйгө чыгарылганы маалым болду. Аталган уюмдун жетекчиси Чолпон Жакупова мындай деди:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

- Ал боштондукта. Адвокат берилген. Дайыма коштоп жүрөт. Коопсуздугу да көзөмөлдө. Мекенине экстрадиция кылуу маселеси күн тартибинде жок. Мен укук коргоочулардан, журналисттерден суранары - коопсуздук маселесинен улам ал кишинин сүрөтүн жарыялабасаңар. Деги эле, кармалганы тууралуу көп маалымат таратуу да анын коопсуздугуна зыянын тийгизет. Биз адвокаттардын кесиптик эрежесинен улам, ал киши тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоого акыбыз бар. Адамга зыян тийгизбешибиз керек.

Жумабай Сагидуллаевдин эмне себептен кармалып, анан кое берилгени тууралуу адвокаттар да, Ички иштер министрлиги да так маалымат бере элек.

Анын агасы, "Алга, Каракалпакстан! Республиканын эгемендиги үчүн" кыймылынын лидери, азыр Норвегияда баш калкалап жүргөн Аман Сагидуллаев өзбек бийлиги анын бир туугандарын ар кандай шылтоолор менен соттоп жатканын "Азаттыкка" билдирди:

- Менин саясий ишиме байланыштуу туугандарымды, ага-инилеримди, эже-карындаштарымды Өзбекстандын УКМКсы кодулап жатат. 1965-жылы туулган Гүлхан Сагидуллаеваны, 1969-жылы туулган Айымкан Сагидуллаеваны эки жолу соттоп, 29 миллион сум, 35 миллион сум айып пул салды. Азыр да иним Жумабайга Өзбекстанга "320 миллион сум карызы бар" деп саясий кылмыш ишин ачып коюптур. Мунун баары жалган. Ал Өзбекстандан насыя да алган эмес, мамлекеттик кызматтарда да иштеген жок. Болгону мал багып жүргөн. Саясатты түшүнчү эмес. Карызы жоктугу тууралуу маалымкаттарды көрсөткөнүнө карабай, Кыргызстанда кармалып, суракка алынышы - Өзбекстандын саясий буйругу деп билем. Анткени мен Казакстандын Астана шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусунда Каракалпакстан Республикасын өз алдынча мамлекет катары каттоону сурап, кат жазгам. Бул Ташкентке жакпайт.

Аман Сагидуллаев.
Аман Сагидуллаев.

​Аман Сагидуллаев кыргыз өкмөтү адам укугун урматтаарына ишенерин, инисине зыян тийбейт деп үмүт артарын кошумчалады. Бу жагдайга өзбек бийлигинин тиешеси барбы же жокпу, маалым эмес. Расмий Ташкент үн ката элек.

Жумабай Сагидуллаев Кыргызстанга 2014-жылы келип, "саясий башпаанек издеген киши" деп каттоого алынган. Мамлекеттик миграция кызматынын Качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гүлайда Орозалиева бул тууралуу кыскача гана маалымат берди:

- Каттоодон өткөн документ менен ал Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүрөт.

Орозалиева Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча эл аралык конвенциясына кошулганын, ага ылайык бозгундардын укугу корголоорун белгиледи.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова Жумабай Сагидуллаев Өзбекстанга экстрадицияланса кыйноого кабылып, өлүм жазасына да тартылышы мүмкүн экенин, анын кармалышы мыйзамсыз болгонун белгилейт. Бул уюм кыргыз өкмөтүн "Качкындар жөнүндөгү" эл аралык укук эрежелерин сактоого чакырууда.

"Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюмунун адистери бул жагдайга көз салып турганын билдиришти.

​Соңку жылдарда эле 200 миңге чукул киши Каракалпакстандан көчүп кеткени тууралуу такталбаган сөздөр жүрөт. Ал эми расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанга Өзбекстандан качып өткөн онго жакын адам бар. Анын үчөө Каракалпакстан автоном республикасынан келген.

2005-жылы май айында Өзбекстандагы Анжиян шаарындагы кандуу окуяда Кыргызстанга качып келген 450дөн ашуун адам саясий качкын макамын алып, Европа өлкөлөрүнө өткөрүлүп берилген. Ал эми төрт атуул Анжиян окуясына чейин эле оор кылмыш кылган киши катары шек саналып, кылмыш иши козголгондугу үчүн качкын макамы берилбей, кайра Өзбекстанга кайтарылган болчу. Бул үчүн расмий Бишкек эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG