Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Каракалпакстанда мамлекеттик органдарды басып алуу аракети болгону кабарланды


Нукустагы нааразылык акциясы. 1-июль, 2022-жыл.
Нукустагы нааразылык акциясы. 1-июль, 2022-жыл.

Өзбекстандагы Каракалпакстан автономиялуу республикасынын бийлиги "мамлекеттик органдарды басып алуу аракети болгонун" билдирүүдө.

Бийликтин бул билдирүүсү 2-июлда, республиканын борбору Нукуста Өзбекстандын Баш мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы массалык нааразылык акциялары өткөндөн кийин пайда болду.

Каракалпакстандын бийлиги жана Өзбекстандын Ички иштер министрлиги чогуу тараткан билдирүүдө "башаламандыктын белгисиз уюштуруучулары" элди Нукустагы административдик имараттын алдына чогултуп, "мамлекеттик мекемелерди басып алууга" жана Өзбекстанда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга аракет кылышты" деп айтылган. Анда күч органдары "уюштуруучулардын аракеттери жокко чыгарылып", каршылык көрсөткөн жарандар кармалганы кабарланган. Билдирүүдө акциялардын себеби, катышуучулардын жана кармалгандардын саны тууралуу маалымат жок.

Билдирүү ээлери "чет жактан кырдаалга таасир этүүнү көздөгөн күчтөр" болгонун белгилешкен, бирок кайсы күчтөр экени так айтылган эмес.

Каракалпакстанда интернет өчүрүлгөндүктөн, альтернативдүү маалыматтар чектелүү болууда.

1-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында миңдеген адамдар Өзбекстандын Баш мыйзамына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөргө нааразы болуп көчөгө чыккан.

Алар Конституциянын жаңы долбоорундагы Каракалпакстандын суверендүү макамы жоюлуп, Өзбекстандан өз алдынча бөлүнүп чыгуу укугун ажыраткан сунушка каршы. Акцияга чыккандар жергиликтүү активист Даулетмурат Тажимуратовдун камалышына да нааразы болушкан.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстан республикасынын борбору Нукус шаарындагы 1-июлдагы митингдер боюнча үн катып, жарандардын нааразылыгына "конституциялык реформалардын туура эмес чечмелиниши" себеп болгонун билдирди.

Кара-Калпак автономиялуу облусу 1924-жылы түзүлгөн. 1930-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон. Бир нече жыл РСФСРге түз баш ийип турган. 1936-жылы Кара-Калпак автономиялуу республикасы (АССР) болуп түзүлүп, Өзбек ССРинин курамына кошулган.

Советтер Союзу тарагандан кийин, 1992-жылы Каракалпакстан республикасы болуп түзүлгөн. 1993-жылы Өзбекстан менен 20 жылдык келишим түзүлгөн. Келишимде Каракалпакстандын референдум аркылуу көз карандысыздык алуу укугу бекитилип, Өзбекстандын Конституциясына киргизилген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG