Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Кыргызстанда мыйзамсыз диний ишмердик жүргүзгөн чет элдиктер аныкталды


Мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө шектүү чет элдик жарандар. Бишкек. Июль, 2022. (Сүрөт УКМКга таандык).
Мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө шектүү чет элдик жарандар. Бишкек. Июль, 2022. (Сүрөт УКМКга таандык).

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөн чет элдиктер аныкталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматында 27-июнда диний экстремизмге каршы иш-чаралардын алкагында тиешелүү протокол түзүлүп, он адам каттоого алынган. Атайын кызмат алардын бөгөт чарасы тууралуу так маалымат берген жок.

Диний ишмердүүлүк жүргүзгөнү аныкталгандар - Кыргызстандагы медициналык окуу жайларда окуган Индия, Пакистан жана Бангладештен келген студенттер.

УКМК алар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоосу турбай эле Бишкек шаарында даават жүргүзүшкөнүн билдирди.

Буга байланыштуу атайын кызмат чет өлкөлүк жарандарды өлкө аймагында Кыргызстандын улуттук мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырып, чет элдик жарандар окуган окуу жайлардын жетекчилигин мыйзамсыз диний иштерди жүргүзүүнүн алдын алууга чакырган.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 30,5 миңден ашуун чет элдик билим алууда. Анын ичинен 9 285 жаран Пакистан жана 13 404 жаран Индиядан келген.

Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттердин көпчүлүгү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиясында билим алат. Мындан сырткары Кыргызстанга иштегени келгендер да бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG