Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Садыр Жапаров: Саясатчылардын соттон акталышына тиешем жок


Октябрь окуясы боюнча иште акталгандар: Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагымбаев. Бишкек. 28-июнь, 2022-жыл.
Октябрь окуясы боюнча иште акталгандар: Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагымбаев. Бишкек. 28-июнь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Октябрь окуясы боюнча айрым саясатчылардын акталганына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Мамлекет башчы бүгүн, 2-июлда "Кабар" агенттигине курган маегинде актоо чечими соттун эркинде болгонун айтты:

"Мен дайыма “соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келем. Мартта өткөн соттордун курултайында “Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот” деп айткам. Мындан ары мурдагыдай Ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт", - деди президент.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-июнда Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, анын кеңешчиси Фарид Ниязовду, жансакчысы Канат Сагымбаевди, "Социал-демократтар партиясынын" лидери Темирлан Султанбековду, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду актаган чечим чыгарган.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн.

Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин "Ала-Тоо" аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.

Садыр Жапаров 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген. 2021-жылы президенттик шайлоодо мамлекет башчы болуп шайланган. Референдум жолу менен Баш мыйзамды өткөрүп, өлкө президенттик башкарууга кайткан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG