Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

Президент тышкы карызды бир күн, бир саат кечиктирбей төлөй турганын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-июлда "Кабар" агенттигине маек куруп, негизинен тышкы карыз, аны төлөө жөнүндөгү суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчы тышкы карыздын төлөнбөй калат деген коркунучка негиз жоктугун баса белгилеген.

"Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан эки-үч жыл мурда ушундай коркунуч бар эле. Баарыбыз тышкы карыздан кантип кутулабыз деп кабатыр болчу эмес белек. Азыр андай коркунуч жок. Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык болуп турса, бардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз", - деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун тышкы карыздын кесепети тууралуу айтканын айрым "популист депутаттарга" эскертүү катары баалады.

Мамлекет башчы маегинде "азыркы бийликтин тушунда тышкы карыз 1,250 млрд. долларга чейин көбөйдү" деп айтылып жаткан маалыматтарды четке кагып, элди расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды.

1-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына тышкы карыз тууралуу жазганы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Саясатчы сурактан 2-июлга караган түнү саат 2ден кийин чыкты.

  • 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте сүйлөп жатып, эгер Кыргызстан аласадан убагында кутула албаса, айрым объектилерди башкаруу укугу башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн эскерткен.
  • Ага чейин президент Садыр Жапаров быйыл тышкы карыздын негизги бөлүгүн төлөө учуру башталганын, алдыдагы он жыл насыяларды төлөө үчүн мамлекеттик казынага оорчулук түшөрүн билдирген.
  • Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карай 5 млрд. 182 млн. долларга барабар экени кабарланган. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG