Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

"Аврора" пансионаты боюнча камалган шектүүлөрдүн бири ооруканага түшкөнү айтылууда


"Аврора" пансионаты.
"Аврора" пансионаты.

Ысык-Көлдөгү "Аврора плюс" эс алуу жайындагы ондогон кымбат батирлерди мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шек саналган Вадим Чикунаев ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан ооруканага которулду.

Бул тууралуу "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирди. Ага ылайык, былтыр ноябрдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Вадим Чикунаев ден соолугу кескин начарлап, атайын ооруканага жаткырылган.

УКМК азырынча бул маалыматты ырастай да, төгүндөй да элек.

"Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат 56 батирдин жана 27 коттеждин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар жооптуу кызмат адамдары, соттор кармалган.

Бул иш боюнча “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов да кармалып, камакка алынган. 10-майда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарганы коомчулуктун нааразылыгын жараткан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG