Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Орусиядагы элчилик мигранттарды этият болууга чакырды


Москвадагы кыргыз элчилиги. Архивдик сүрөт.
Москвадагы кыргыз элчилиги. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдөгү кыргызстандыктарга кайрылып, орус өкмөтү миграциялык көзөмөлүн күчөткөнүн, андыктан мыйзам бузбай, этият болууга жана бийлик өкүлдөрүнө урматтоо менен мамиле жасоого чакырды.

Элчиликтин сайтына 1-июлда жарыяланган кайрылууда кылмыш жасагандар сөзсүз жазага тартыларын унутпоо керек экени, документ жасап берем деген ортомчуларга кайрылбай, жашаган жери боюнча 30 күндөн ашырбай миграциялык каттоого туруу, жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү, тийиштүү документтерди дайыма жанында алып жүрүү зарыл экени айтылды.

2021-жылдын 29-декабрынан кийин жумуш издеп баргандар 30 күн ичинде бармак изин жана сүрөтүн каттоого алдырып, медициналык текшерүүдөн өтүүсү зарыл экени да эскертилди.

Суроолор болсо +7 (925) 115-50-47 телефон номуру аркылуу элчиликке байланышка чыкса болору айтылды.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирген кыргызстандыктардын саны 2017-жылы 100 миң адам, 2020-жылы 60 миң, 2021-жылы 74 миң экени айтылган.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG