Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Балдар омбудсмени зомбулук тууралуу айтылган интернатка барды


Беловодское айылындагы интернат.
Беловодское айылындагы интернат.

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева балага зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматка байланыштуу Чүйдүн Беловодское айылындагы Балдардын психоневрологиялык стационарына барды. Бул тууралуу 1-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Москва райондук милициясынын кызматкерлери медициналык экспертиза жүргүздүрүп, баланын денесине залака тийбегенин аныкташкан, мекеменин жамааты да зомбулук болбогонун айтып берген.

Буга чейин айрым маалымат булактары аталган интернатта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кызматкер ийне менен коркутуп, тамеки чегүүгө мажбурлап жатканы тууралуу арыз түшкөнүн кабарлашкан.

Интернатта 200дөн ашуун бала тарбияланат. Былтыр ал жерге президент Садыр Жапаров барып, балдардын жашоо-шартын көргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG