Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Равшан Жээнбеков аны милицияга алып кетишкенин билдирди


Равшан Жеенбеков/
Равшан Жеенбеков/

Саясатчы Равшан Жээнбеков милицияга жеткирилгенин 1-июлдун кечинде "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал төрт милиционер аны райондук ички иштер башкармалыгына алып барганын айтууда:

"Бүгүн Таластан келгем. Келсем үйдүн жанында турушуптур. Азыр төрт милиционер мени Ленин райондук милициясына алып келишти", - деди ал.

Саясатчынын айтымында, аны Фейсбукка жазган посту үчүн кармашкан. Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазган.

Фейсбук колдонуучуларынын бири Ленин райондук милициясынын алдында бир топ активисттер чогулуп, Жээнбековдун кармалышы боюнча милиция өкүлүнөн түшүндүрмө талап кылган видеону жарыялады.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Кийин "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде кайра №1 тергөө абагына камакка алынган. 2021-жылдын декабрында бошотулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG