Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Чүйдө жолдо тапанчадан атылган октон адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө милиция автожолдо тапанчадан атылган октон адам каза болгон окуянын чоо-жайын териштире баштады. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя бүгүн 1-июлда Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында болгон. 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумган.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде каттоого алынып, 36 жаштагы шектүү Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG