Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Түркияда "Немис толкуну" жана "Америка добушу" медиаларынын сайттары блоктолду


"Немис толкуну" медиасы.
"Немис толкуну" медиасы.

Түркияда «Немис толкуну» (DW) жана «Америка добушу» (VOA) медиаларынын сайттары блоктолду.

Радио жана телевидение боюнча жогорку кеңеш түшүндүргөндөй, жыл башында кабыл алынган чечимге ылайык, Түркиядагы эл аралык маалымат каражаттары жергиликтүү лицензия алыш керек. Маалыматка караганда сөз болуп жаткан медиалар шарттарды аткарышкан эмес.

30-июнда Анкара соту бул чечимди бекемдеген. «Немис толкуну» буга каршы доо арыз менен кайрыларын билдирди. Медианын башкы директору Петер Лимбургдун айтымында, "Түркиядан лицензия алган маалымат каражаттары бийлик кабыл алынгыс деп эсептеген материалды өчүрүүгө тийиш". Лимбург бул алардын принциптерине каршы келерин билдирди.

Стамбул университетинин профессору Яман Акдениз «Америка добушунун» түрк кызматына берген маегинде расмий Анкаранын мындай чечимин «цензура» деп атады.

Ал эми Түркиянын оппозициядагы Элдик-республикасынын мүчөсү Ильхан Таши «Мына сөз эркиндиги жана алдыңкы демократия!»-деп Твиттерге жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG