Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Төрөттөн кийин абалы начарлаган келин боюнча экспертиза бүтө элек


Бишкек шаардык милициясы төрөттөн кийин ден соолугу начарлаган келиндин иши боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин билдирди.

Бишкектеги №4 Төрөт үйүнүн операция жасаган дарыгерлеринин үстүнөн жазылган арыз Октябрь райондук милициясында каттоого алынып, кийин "кылмыштын курамы жок" деген негизде териштирүү токтотулган. Кийин жабыркаган тарап шаардык милицияга кайрылган.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун кийгилишүүсүнөн кийин кайрадан кылмыш иши жанданып, иш прокуратуранын кароосуна алынды.

Назгүл Озконбаева быйыл январда Бишкектеги №4 Төрөт үйүндө төртүнчү баласын кесарево жолу менен төрөгөн. Операция учурунда ичегиси жабыркап, андан бери эки жолу Улуттук хирургия борборунда дарыланган келин 29-июнда ошол эле оорукананын ириң бөлүмүнө денеси ысып, кыйналган абалда жаткырылган.

Аталган борбордун башкы дарыгери Таалай Акматов буга чейин Озконбаеванын ичегисинин 20-30% алынганын, бирок өмүрүнө коркунуч жок экенин, себеби ички органдары кадимкидей иштеп жатканын билдирген.

“Биздин дарыгерлер бул жактагы жардамга муктаж болгондор үчүн убактыбыз аз болуп жатат. анктени ушул иш боюнча бир топ комиссияга, тергөөгө барып жатабыз. Кокус бул башка төрөткө келгендерге жардам керек болуп калса, ал убактыбыз текшерүү менен өтү жатдам бералбай калсак дагы жоопкерчилиги болот”-дейт.

Келин төрөт үйүндөгү дарыгерлердин шалаакылыгынан майып болуп калганын, тийиштүү мекемелерге жазган арыздарынан майнап чыкпай жатканын “Кылым шамы” укук коргоо борбору билдирүүдө.

24-июнда Бишкек шаардык кеңешинин атайын комиссиясында да бул маселе каралып, шаардык прокуратурага жана Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүлгөн. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG