Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Жалал-Абадда тез татымдын тамагына дагы 13 адам ууланды


Жалал-Абад шаарындагы "Таж-Махал" тез татым жайынын шаурмасын жегенден кийин өзүн начар сезгендер 30-июнда ооруканага кайрылган.

1-июлда уулангандардын саны 13кө жеткенин облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ооруканага кайрылгандардын сегизи амбулатордук жардам алган, бешөө ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын абалы туруктуу. Тамактануу жайынын ээси комментарий бере элек.

28-июнда Жалал-Абад шаарындагы “Ага-ини" тез татым жайынан шаурма жегендер ууланган. Учурда алардын саны 40ка жетти. Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимов 28 бейтап ооруканада, 12си үйүндө дарыланып жатканын билдирген.

Аталган жайга 7,5 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган. Жалал-Абад шаардык мэриясы учурдагы кырдаалды эске алып, шаар аймагындагы бардык тез татым жайларынын санитардык абалын текшерип жатат.

Май айында Сүлүктү шаарында тойго барган 32 адам, Ош шаарында таттуу токоч жеген отуз адам ууланып, ооруканага түшкөн. (TB)

XS
SM
MD
LG