Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Теги кыргызстандык дагы бир аскер Украинада каза болгону кабарланды


Донбасстагы украин аскерлери. 15-июнь, 2022-жыл.
Донбасстагы украин аскерлери. 15-июнь, 2022-жыл.

Кыргызстандагы Орусиясынын элчилиги Украинадагы согушта теги кыргызстандык орус жараны Адилет Алиев Эмилбекович каза болгонун кабарлады. Маалыматка караганда ал Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн.

Буга чейин Украинада орус аскери катары теги кыргызстандык төрт адам (Эгемберди Дорбоев, Исломжон Камилов, Рустам Зарифулин, Сыргакбек Өзүбеков) окко учкан. Булардан башка согушка барган эки кыргыз жараны каза болгону ырасталган.

24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келет. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG