Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Сириядагы террористтик уюмдарды каржылоого шек саналган жаран кармалды


Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Кыргызстанда тыюу салынган “Жамаат ат-Таухид валь-Жихад” террористтик уюмуна каржылык жана башка колдоо көрсөткөн деген шек менен Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Милиция тараткан маалыматка ылайык, шектүү Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардагы экстремисттик жана террористтик уюмдарга акча топтоп, которгон. Ал Кыргызстанда жүрүп 2020-жылдан 2022-жылдын май айына чейин банк системалары аркылуу 2 млн. рублдан ашык каражат жөнөткөн. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Орусияда шектүү менен түз байланышта болгон Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Учурда милиция экстремисттик топторго каражат чогултууга катышкан Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын тургундары аныкталганын кабарлады. Кармалган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы материалдар табылган.

Кылмыш жаза кодексинин 331-беренеси (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”), 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”), 253-беренесинин (“Террористтик ишти каржылоо”) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына камалды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG