Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Окуучулардын тамагын 7 сомдон 14 сомго көтөрүү сунушталды


Мектеп окуучулары.
Мектеп окуучулары.

Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мектептердеги ар бир окуучунун күнүмдүк тамагына каралган 7 сомду 14 сомго көтөрүү жөнүндө токтом долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева катышып, күнүгө 14 сом бөлүү каралып жатканын, 2023-жылы аны 20 сомго жеткирүү планын билдиришти.

Көпчүлүк депутаттар жети сом эч нерсеге жетпейт деп сындашты.

Расмий маалыматка ылайык, 1-4-класстардын (башталгыч класстар) окуучуларынын жалпы саны 56 миңге чукул. Мектептерде ысык тамак берүүгө бюджеттен 595 миллион сом бөлүнгөн. Алыскы жана бийик тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларынын тамагына күнүнө 10 сом, калган аймактарда күнүнө 7 сом каралган.

Былтыртан тартып Кыргызстанда негизги азык-түлүктөрдүн баасы бир нече эсе кымбаттады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG