Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Президент саясатчыларды негизсиз сындабоого чакырды


Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында сөз сүйлөдү. 30-июнь, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында сөз сүйлөдү. 30-июнь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйында сөз сүйлөп өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык абал жөнүндө маалымат берди. Ал саясатчыларды негизсиз сын айтып, саясий упай топтобоого чакырды.

“Демократия принциптерине жамынып алып, киреше булактарына ар кандай негизсиз сын-пикир айтып, саясий упай топтогоо аракет кылган саясатчыларыбыз дагы жок эмес. Демократия шартында атаандаш пикирлердин болушу зарыл. Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартыш, интриганын ордуна ошолордон арта калбай чогуу өнүгүүгө багыт алышыбыз керек экенин эсибизден чыгарбайлы”, - деди Жапаров.

Жапаров 7-чакырылыштын депутаттары менен бирге салык, бажы тармагында мыйзамдарды кабыл алып, жыйынтыгында экономикалык абал турукташып жатканына токтолду. Ал бийлик энергетика, темир жол тармагындагы ири долбоорлорго белсенип жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлары Адылбек Касымалиев менен Бакыт Төрөбаев ант бергенине байланыштуу президент жыйынга катышты. 7-чакырылыштагы парламент биринчи сессиясын аяктаганы турат.

Оппозициялык маанайдагы саясатчылар өлкөдө кымбатчылык каптап, бийлик кескин чараларды көрө албай жатканын жана салык, бажы саясатын сынга алып жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG