Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Европа 2035-жылдан баштап күйүүчү май менен жүргөн машинелерден баш тартат


Европа Биримдигинин өлкөлөрү Люксембургда климатты коргоо жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, Европа өлкөлөрүндө 2035-жылдан баштап күйүүчү май менен жүргөн жаңы автоунаалар сатылбайт.

Климаттык фонд түзүлүп, көмүр кычкыл газын азайтууда авиация жана кеме жолдоруна дагы чектөөлөр болот. “Абаны булгоо салыгы” транспорттун күйүүчү майынын баасына жана жылуулук баасы үчүн дагы салынат.

Салыкка байланыштуу аз камсыз болгондорду жана чакан ишканаларды колдоо үчүн бюджети 59 млрд. долларды түзгөн Социалдык климаттык фонд түзүлөт.

Евросоюз 2030-жылга чейин көмүр кычкыл газын 50% азайтуу, 2050-жылы таптакыр көмүр кычкыл газынан арылууну пландап жатат. Европа Биримдигинин климат саясаты боюнча вице-президенти Франс Тиммерманс климаттык кризистин кесептери айкын болуп калганын белгилеп, экологиялык чараларды кечиктирүү мүмкүн эмес экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG