Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Садыр Жапаров мүлктү легалдаштыруу мыйзамында жеке кызыкчылыгы жок экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров парламентте талаш жараткан “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору жөнүндө пикирин билдирди. Жапаров бул мыйзамдын максаты коррупционерлердин арам акчасын адалдоо эмес, чет өлкөдө мүлкүн жашырган ишкерлердин, мурунку аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү экенин айтты.

“Октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 млрд. артын 100 млн. долларга чейин төктүрүп алгандай болдук. Ошого карабастан чет өлкөдө катып жаткан акчалары көп. Бул мыйзамдын максаты ошол катып жаткан акчаларын Кыргызстанга легалдаштырып алып келсе, биздин банктарга салса пайда болот. Менин ал байлардын арасында досум же бир тууганым жок”, - деди президент.

Президент мыйзам долбоорун кабыл алуу парламенттин колунда экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүүдө талаш чыккан. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бир нече депутаты каттоодон өтүп, бирок добуш берген жок. Регламентке ылайык, мындай учурда добуш берүү өттү деп саналбайт. Фракция депутаты Исхак Масалиев өз позициясын мыйзамдын кабыл алышына каршы экени менен түшүндүргөн.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштаган. Жыйынтыгында добуш берүү кийинки отурумга калган болчу.

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору 22-июнда парламентте биринчи окууда талкууланып, добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Жыйында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров долбоорго каршы чыгып, аны “ууруларды мыйзамдаштырууга багытталган” демилге деп атаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кылмыш иши козголгон мүлккө тиешеси жок экенин маалымдаган. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев легалдаштыруу кампаниясына катышкан декларанттар ачык көрсөткөн мүлкүн каржы булагы суралбайт жана кандайдыр бир салык мыйзамдары бузулган учурлар үчүн кылмыш иши козголбойт деп билдирген.

Бийлик көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу кампаниясы бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG