Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:32

Чынбаева: Абактагы аялдарга психологиялык колдоо керек


Асел Чынбаева жана абак кызматкери.
Асел Чынбаева жана абак кызматкери.

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Жаза аткаруу кызматынын Чүй облусундагы Степное айылындагы №2 абак жайына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Асел Чынбаева үч жашка чейинки балдары бар соттолгон аялдардын шарттары, камсыздалышы жана тиричилиги менен таанышты. Ыйгарым укуктуу өкүл мекеменин кызматкерлери менен баарлашып, анда соттолгон аялдарга психологиялык колдоо көрсөтүү маанилүү экенин белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Анда 350дөй аял отурса, алардын 25 пайызы "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG